Кезектеги саммиттер – Куддуска жана Аксага каршы кезектеги фитналар

424
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кезектеги саммиттер Куддуска жана Аксага каршы кезектеги фитналар

Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Исламий өлкөлөр жетекчилери Байтулхарамда өткөргөн жыйынын көрүп, мусулман киши – бул жетекчилерибиз ушул Байтулхарамдын шериги болгон Куддус жана мубарак Акса жөнүндө да ойлоп жатышат, Акса жана анын калкы кабылган абалга тынчсызданып жатышат, яхудийлер бул ыйык жерди тебелеп, анын калкына зулум жана зомбулук кылып жатканына, Куддус жана анын ыйык жерлеринде бузгунчулук жайып жатканына кыжырданышууда деп ойлойт. Мусулман киши бир караганда, саммиттеги жетекчилер яхудийлердин Акса эшиктери алдында Исламий Умматтын катардагы, күнөөсүз перзенттерин өлтүрүп жатканына, яхудийлер менен христиандар Куддусту яхудийлештирүүгө тил бириктирип жатканына, кресттүү Трамп Куддус яхудийлердин борбору деп жарыя кылганына тынчсызданып жатат деген пикирге келет. О.э. яхудийлердин камактарында миңдеген Фалестин калкынын түрдүү түркүн кыйноолорду жана азаптарды тартып жатканы, жалпысынан, баскынчы яхудийлердин эч кимге сыр болбой калган бул жана башка ашкере-жашыруун зулумдары саммитке катышкан жетекчилерди кыжырдантып жана намысын ойготуп жатат деп ойлойт.

Бирок, мусулман бул акимдердин ким экенин пикирлеген соң, алар кафир мамлекеттерди дос тутуп, алар менен жакшы мамиледе болуп жатышканын ойлоп көргөн соң, ушул фазилет (баалуу ахлак) Куддустун жана анын ыйык жерлеринин кадырына жете турган, Ислам улуулугун жакшы билген фазилеттүү жана пакиза кишилерде көрүнүшүн билет. О.э. мусулман киши тарыхта Куддустан баш тарткан жана аны яхудийлерге жана христиандарга сатып жиберген кимселер Куддуска кыянаттык кылган жана ага каршы душман менен тил бириктирген Шавар Фатимий сыяктуу ата-бабаларынан айырмаланбашын эскерет. Шавар Фатимий Куддусту кресттүүлөргө сокур тыйынга сатып жиберген. Бул кимсенин башын алып, өзүн да, тил бириктирүүсүн да жок кылуудан башка чара калбаган. Бул сыяктуу кимселерден Куддуска карата кыянаттык жана фитна гана чыгат. Акын айтат:

مَنْ يَهُنْ يَسْهُلِ الْهُوَانُ عَلَيْهِ … مَا لِجُرْحٍ بِمَيِّتٍ إيلاَمُ

Бул ыр саптары, ким өзүнө кордукту ылайык көрсө, аны акаараттап кордоодо кыйынчылык болбойт, дегенди түшүндүрөт.

Бул акимдер мубарек Куддуска карата карманган позициясы белгилүү. Т.а. алар Акса жана Куддуска кыянаттык кылышкан болсо, бул кыянаттан алдын арабий же исламий бирер саммит өткөрүшөт. Мисалы, Накба¹ жылында Фалестинден баш тартылганда Мисир королу Фарук демилгеси менен 1946-жылы Мисирде араб мамлекеттеринин саммити болуп өткөн. Ага Араб Мамлекеттеринин Лигасына мүчө жети мамлекет (Мисир, Саудия, Чыгыш Иордания, Яман, Ирак, Ливан жана Сирия) катышкан. Фалестин маселесине жардам берүү үчүн өткөрүлгөн бул саммиттин токтомдору Фалестин арабдарга таандык экени, анын тагдыры бүткүл Араб Мамлекеттеринин Лигасы менен байланыштуу экени, анын калкына жеткен мусибат бүткүл араб калктарына жетери баса белгиленген.

Наксадан² мурун да 1965-жылы Касабланкада араб мамлекеттеринин саммити болгон. Саммитте Фалестин маселесине жардам берүү керек деп айтылып, БУУ жана башка эл аралык уюмдар аркылуу Фалестинди коргоо туурасында араб мамлекеттеринин планы тастыкталган.

1993-жылы Осло келишиминен мурда 1990-жылы Багдадда араб мамлекеттеринин саммити өткөн. Саммитте Фалестин жөнүндө кабыл алынган токтомдордун биринде – Фалестин интифазасын³ улантууну колдоп-кубаттоо, ага материалдык жана моралдык жардам берүү керек делген. Кийин 1993-жылы интифазаны колдоп-кубаттабоо жана аны күчөтпөө келишимине кол коюлган.

Яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруудан, араб жана мусулман мамлекеттери боорукеңдикти жарыялашынан алдын 2002-жылда Бейрут саммити өткөрүлдү. Анда ошол убакка чейинки бардык негизги принцип жана ураандар бекер кылынган. О.э. король Абдуллах ибн Абдулазиз яхудийлер менен тынчтык демилгесин кабыл алып, №242-338 эл аралык токтомдор кабыл алынган. Бул токтомдорго 1980-жылы Амманда өткөрүлгөн араб мамлекеттеринин саммитинде нааразылык билдирилген, аны менен бирге, яхудийлер менен тынчтык орнотуу демилгесине, Кэмп-Дэвид келишимине каршылык билдирилген.

АКШ элчилигин Куддуска көчүрүү токтому жарыя кылынышынан бир нече ай мурда 2017-жылы Иорданияда Өлүк деңиз саммити болду, саммит артынан ушул каргаша токтом жарыяланды.

Араб Мамлекеттеринин Лигасынын демилгеси менен болобу, Исламий Конференция уюму демилгеси менен болобу, айырмасыз, Куддус, Акса жана мубарек жер жөнүндөгү бардык саммиттерди күзөтүп жаткан киши ушуга күбө болот, бул самиттер эл аралык долбоорлор, тил бириктирүүлөр жана кыянаттар аркылуу кезектеги фитнага киришүүнүн башы болуп келди. Ко-ош, бул мубарек жерибизге карата Мекке жана Бахрейн саммити артынан эмнелер пландалып жатты экен?!

Мубарек жерге каршы кезектеги тил бириктирүү да араб, мусулман өлкөлөрүнүн мурдагы саммиттериндеги тил бириктирүүлөрдөн айырмаланбайт. Бул тил бириктирүүлөр алардын сценарийи жана аткаруу ыкмалары жагынан да, кыянат жана фитналарын жабуу үчүн жаңы тон кийгизүү жагынан да айырмаланбайт. Акимдердин баары бул саммиттерди өз калкы алдында сындап: «Фалестин туурасында «Кылым келишимине» орун жок», – деп жатышат. Кудум алардын кылмыштары, Фалестинге жана анын калкына каршы колдонуп жатышкан токтомдоруна Кылым келишиминин алакасы жоктой!

Кылым келишими мурдагы саммиттердеги бардык тил бириктирүлөрдүн жыйындысы. О.э. али жарыя кылынбагандары да бар, ал келерки баскычтарга карап, эста-секин жарыя кылынат. Бул тил бириктирүүлөрдүн акыркы планы жарыяланган жок. Мисалы, Фалестин колдон чыгарылгандан тартып ушул күнгө чейинки жан берүүлөр жана тил бириктирүүлөр дагы эле уланып жатат, биринчи бөлүгү түгөнсө, экинчи бөлүгү… башталып арты үзүлбөй жатат. Кылым келишими 1948-жылдан баштап 2019-жылга чейинки бардык тил бириктирүүлөрдүн акыркы баскычы болот деп айтылып жатат. Чамасы, калган тил бириктирүүлөр азырынча толук даяр болбогон.

Кылым келишиминин жаңы бөлүгү жана сценарийи келерки сахналарга чөйрө даярдайт. Ал сахналарда яхудийлер Батыш Жээктин калган жерлерин да көзөмөлгө алышат, Фалестин калкына айрым экономикалык иштерине эшик ачылат. Мында бир тараптан Иордания менен, экинчи тараптан Газада Мисир менен алака орнотулат, өтмөктөр ачылат, бул өтмөктөр Газаны Жээкке же Иорданияны Газа менен Жээкке байланыштырат, же болбосо аэропорт жана порт ачуу үчүн Синай кеңейтилет.

Мына ушулар Мекке жана Бахрейн конференциясында бычыла турган тон. Анын маани-мазмуну келечектеги иштерге киришүү катары экономикалык мазмунду камтыды.

Акимдердин мындай позицияларынан жана саммиттерде болуп жаткан тил бириктирүүлөрүнөн ушул нерсе күзөтүлүп жатат, Фалестин маселесин жок кылуу туурасында сезондуу сериал чыгат, аны азат кылуу жөнүндө ооз ачылбайт, булардын баары акыйкаттан бүтүндөй алыс жалгандар менен жабылат. Мисалы, 1948-жылдан мурда айтылган «он армия» жалганы, Абдуннасирдин «яхудийлерди деңизге чөктүрүү» туурасындагы жалганы, араб мамлекеттеринин саммитинде айтылган «яхудийлерди мамлекет катары моюнга албоо, алар менен жолугушуу өткөрбөө жана сүйлөшпөө» жалганы жана Иран менен анын Хизбинин яхудийлерди кыйратышы жөнүндөгү жалганы…

Фалестинге кыянаттык кылгандар, аны яхудийлерге сокур тыйынга саткандар, Аллахтан көрө Америкадан коркуп жаткандар жана яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу үчүн аракет кылып жаткандар Фалестинди азат кылбайт. Жок, Фалестинди анысы да, мунусу да, тигиниси да азат кылбайт. Балким, Фалестинди Салахиддин Айюбий, Нуриддин Али Зангий сыяктуу эр жүрөк кишилер азат кылышат. Ошол эр кишилер Мисир жана Шамдагы Умматты жихад байрагы астында бириктирүү сыяктуу алгачкы шарттарды аткарышкан. Алар кыянаттык, яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууга аракет кылуу сыяктуу иштерге таптакыр барышпаган.

Аллах Таалага дуа кылып сурайбыз, Аллахым, Фалестин маселесин жок кылууга каратылган ушул жаңы долбоорду ошол саткын акимдердин табытына кагыла турган мыкка айланткының жана ушул аркылуу Умматты алардын жырткычтыгынан, бузгунчулугунан, кыянаттарынан куткар, аларды Умматты өзүнүн күч-кубатына жана мекенине кайтара турган, Акса мечитин жана бардык мусулмандар жерлерин кафирлердин ыпластыгынан азат кыла турган рошид халифага алмаштыр.

¹    Накба күнү – 1948-жылы яхудийлердин зулуму себептүү миңге жакын фалестиндиктер үй-жайларын жана жерин таштап чыгып кеткен каргашалуу күн.

²    Накса – 1967-жылы баскынчы яхудий вужуду менен Сирия, Мисир, Иордания (Ливан, Ирак, Алжир, Саудия, Кувейт техникалык жардам  көрсөтүшкөн) ортосунда болуп өткөн алты күндүк согуш.

³    1948-жылдан 1993-жылга чейин уланган биринчи Фалестин козголоңу.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here