Тажикстан абагында ууланып көз жумгандар атайын өлтүрүлгөнү айтылууда

346
0

Тажикстан абагында ууланып көз жумгандар атайын өлтүрүлгөнү айтылууда

Тажикстандын Согди облусунда соттолгондорду колонияга которуу учурунда 14 киши ууланып каза тапкан. Социалдык тармактарда каза болгондордун жакындары алардын атайын өлтүрүлгөнүн айтып чыкты.                     

Маалыматка ылайык, Каза болгондордун денеси туугандарына 8-июлда тапшырылган. Социалдык тармактарда чыккан сүрөттөрдөн курман болгондор кыйноого алынганын байкоого болот.

Буга чейин Хожент жана Истаравшандын абактарындагы 120 эркекти жана 8 аялды үч машине менен Дүйшөмбү, Нурек шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатканда 16 адам нанга ууланганы кабарланган. Дарыгерлер алардын ичинен экөөнүн гана өмүрүн сактап калганга жетишкен. Курман болгондордун көпчүлүгү экстремизм жана терроризм айыптары менен камакка алынган.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Вахдат шаарындагы абактардын биринде 19-майда чыккан башаламандыктан улам 29 туткун өлтүрүлгөн. Мындан тышкары, 80 туткун ар кандай абалдагы жараат алган. А бирок медициналык бөлүмдүн кабарлашынча, өлгөндөрдүн саны 50дөн ашат. Мындай окуялар канкор Тажик бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү чектен ашкан абалда улантып жатканын айгинелейт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here