Кытайдан өткөндө телефонуңа сак бол!

394
0

Кытайдан өткөндө телефонуңа сак бол!

The Guаrdian гезити 2019-жылы, 2-июлда «Кытай чек арачылары туристтердин телефондоруна жашыруун программа орнотушууда» деп аталган макала жарыялады. Макалада Кытай чек арачылары туристтердин смартфондоруна тыңчылык кылган программаларды жашыруун орнотуп жатканы айтылат. The Guаrdian гезити жана киберкоопсуздук жаатындагы адистер бул жөнүндө иликтөө өткөрүшкөн. Анын натыйжасына ылайык, Кыргызстандан Кытайга өткөн чек ара пунктуларында Кытай аскерлери жүргүнчүлөрдөн телефондорду блоктон чыгарып, ачып берүүнү талап кылышат, кийин бир канча убакытка телефондорду алып кетишет. Ал учурда Кытай аскерлери телефондорго программа орнотушат. Бул программа аркылуу Кытай бийлиги телефон ээси тууралуу, анын кат алышуулары, кандай китептерге жана музыкаларга кызыгары жөнүндө маалыматтарды алат, ошондой эле, «экстремисттик» материалдардын бар-жоктугун текшерип чыгышат. Тыңчылык кылган бул программа Android-смартфондоруна орнотулат, эгер туристтин телефону iPhone болсо, анда чек арачылар телефонду атайын жабдыкка туташтырып бир сыйра текшерип чыккан соң ээсине кайтарышат.

Кытай бийлиги жергиликтүү мусулман калктын эркиндигин чектеп, миллиондогон мусулмандарды камакка алган. Андан тышкары, көчөлөрдө жана мечиттерде адамдын жүзүн аныктаган камераларды орноткон. Бул да аздык кылгандай, Шинжандагы адамдарды телефондорго атайын программаларды орнотууну мажбурлап келет. The Guаrdian гезитинин макаласында көрсөтүлгөндөй, Ош облусунун Эркештам айылы аркылуу Кытайга өткөн туристтердин телефондору ар дайым текшерилип турат. Эркештам аркылуу бир гана туристтер эмес, кыргызстандык соодагерлер да өтүп тиричилик кылышат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here