Атайын өлтүрүлгөндөрдүн саны согуштардагы курмандыктардан беш эсе көп

493
0

Атайын өлтүрүлгөндөрдүн саны согуштардагы курмандыктардан беш эсе көп

Бир жылда атайын өлтүрүлгөн адамдардын саны 464 миңге жеткен. Бул жер бетинде согуш болуп жаткан аймактарда курман болгондордун санынан беш эсе көптүк кылат. Алардын ар бешинчиси уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалат. Бул тууралуу БУУнун баңги-зат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын жаңы докладында жарыяланды.    

Маалыматка ылайык, мындай кылмыштар Борбордук жана Түштүк Америкадагы өлкөлөрдө көп катталган. Маселен, дүйнөдөгү атайын өлтүрүлгөндөрдүн орточо эсеби жүз миң адамга – 6,1 киши туура келет. АКШда – 17,2; Борбордук Америкада – 62; Түштүк Америкада – 56,8; Африкада – 13 киши туура келет. Көпчүлүк учурда 15-29 жаштагы эркектер туш болот. Алар негизинен ок атуучу курал, баңги-зат жана алкоголь аркылуу курман болушкан.

Адам акылынан келип чыккан азыркы демократиялык-капиталисттик түзүмдө кылмыштуулук азаймак турсун, тескерисинче күн санап өсүүдө. Анткени, капиталисттик системада жарандардын коопсуздугу сакталбаган жана жазалар да кылмыштардын алдын алууга каратылбаган. Маселен, Америкалык 78 жаштагы Сэмюэл Литтл 35 жылда 90 адамды өлтүргөнүн мойнуна алган.

Ал эми Исламда жазыксыз адам өлтүрүрүү эң чоң кылмыш эсептелип, ага карата эң чоң жаза берилет. Атайлап адам өлтүргөн кылмышкердин өкүмү – эгер өлгөн адамдын туугандары кечиришпесе – касас болот т.а. ал да өлтүрүлөт. Кечиришсе, өлгөн адамдын туугандарына кун акысы төлөнөт. Кечип жиберишсе гана төлөнбөшү мүмкүн. Демек, жогорудагы Америкалыкка окшогон кылмышкерлер эч качан 90 адамды өлтүрүшүнө мүмкүнчүлүк берилбейт.

Алла Таала айтат: «Кимде-ким зулумдук көргөн абалында (т.а. жазыксыз) өлтүрүлсө, Биз анын ээси – мураскору үчүн (касас алууга) укук бергенбиз…». [17:33]

Бухарий Абу Хурайрадан риваят кылышынча, Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:

«Өлтүрүлгөндүн ээси эки нерсенин жакшыраагын алууга акылуу: же кун акысы төлөнөт, же катыл өлтүрүлөт».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here