Атамбаев суракка чакырылды

451
0

Атамбаев суракка чакырылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Ал күбө катары чакырылганы ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан кабарланды.

Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин үйүнө жеткирип беришкен. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган. Бирок Атамбаев суракка барбай турганын журналисттерге айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирди. Бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылды.

Белгилей кетсек, Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат. Мындан улам, бир катар аткаминерлер камакка алынып, мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени айтылган. Көп өтпөй 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Белгилүү болгондой, Атамбаевге карата саясий чабуул Путиндин Кыргызстанга келип кетишинен кийин күчөп кетти. Анткени, Атамбаевдин уранга каршы акцияларды уюштуруп жибериши Орусиянын түпкү кызыкчылыктарына сокку болуп калды. Дал ушул акциялардын артынан Атамбаевдин айланасын АКШ кадрлары курчап алды. Натыйжада Путин Атамбаевге каршы башталган чабуулду күчөтүүсү үчүн Жээнбековго жол ачып берди. Ал эми Атамбаевдин кримтөбөл Батукаевдин ишине байланыштуу Путиндин үн катуусун күткөн үмүтү таш капты. Мындан улам, тергөөнүн жыйынтыгы кандай болушу ал үчүн да башкалар үчүн да маалым болуп калды. Учурда бийлик, Атамбаевдин радикалдуу кадамдарын гана күтүп тургандай. Аны камакка алуу маселеси чечилип, качан? деген маселе гана калгандай.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here