Татарстандын имамдары мечиттердин 24 саат көзөмөлгө алынуусуна каршы чыкты

337
0

Татарстандын имамдары мечиттердин 24 саат көзөмөлгө алынуусуна каршы чыкты

Татарстандын имамдары Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан мечиттерге “өзгөчө” камералардын орнотулушуна каршы чыгышууда. Бул тууралуу Казандагы «Миргазиян» мечитинин имамы Абдуррауф Забиров билдирип чыкты.

Забировдун ырасташынча, ага “Таттелекомдон” чалышып, Орусиянын Коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин сунушу боюнча мечиттерге кошумча үч видеокамера орнотуу каралып жатканын айтышкан. Имам мындай кабарга өзүнүн каршы позициясын билдирип, “Мага ФСБ менен Ички иштер министрлиги буйрук бере албайт. Мен өзүмдүн жетекчилигиме баш ием. Бул – Татарстандагы мусулмандардын Дин башкармалыгы, муфтий Камиль-хазрат. Андан сырткары бул аймакта Конституциянын гаранты бар. Ал – Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов. Мына ошолордун кагазы менен гана уруксат бере алам деп жооп берген.

Маалыматка ылайык, айтылып жаткан кошумча үч камера мечиттин жалпы системасына кирбейт жана алар аркылуу ФСБ 24 саат бою имараттын ичи-сыртында эмне болуп жатканына түз байкоо салып турмак.

Забиров бийликтин бул кадамын Кытайдын Шинжаң автономдуу районундагы абал менен салыштырып, Кытайда мусулмандар жүзүнөн таанылуучу чиптер аркылуу көзөмөлгө алынып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттер Бишкектеги өткөн саммитте жогорку технологиялар жана этноконфессиялык саясат тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүгө келишишкен. Тактап айтканда, кытай тарап адамдын жүзүн аныктай алган системаларды орнотуу боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Кытай менен Орусиянын Исламга каршы күрөшүүдөгү позициясы бир экенин жана эки державанын Кыргызстандын коопсуздук тармагындагы таасирин эске алганда, аталган системаны биздин мечиттерде да ишке салуусуна аз калды десек болот. Андыктан, мындай карөзгөйлүктүн алдын алуу үчүн мусулмандар сергек турушу талапка ылайык.

Мумтаз Мавренахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here