Аялдар өз ордун билиши керек – салттагы кийим тууралуу талкуулар

836
0

Аялдар өз ордун билиши керек – салттагы кийим тууралуу талкуулар

Кече жакында соцтармактардын кыргызча сегментинде кыз-келиндер арасында кызуу талкуулар болду. Анда Жогорку Кеңеш депутаты Махабат Мавлянова жаңы келиндердин тойдо жарым жылаңач кийинип чыгышын кескин каралады: “Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык, чыпташып турган көйнөктөрдү албаңыздарчы, кийбеңиздерчи”, -деди. Депутат айымдын оюнча, жаңы келиндин кайын журту, чоң ата-чоң энелер алдында жарым жылаңачтанып чыгуусу уят иш.

Талкууга аралашуу менен, “Женский взгляд” подкастынын алып баруучулары Наталия Князева, Светлана Федотова, Карина Разетдинова жана Нуржан Найзабековалар тойдо эле эмес, деги эле үй-бүлө куруудагы салттын ордун талкууга алып чыгышты. Салт боюнча эксперттер менен пикирлер алмашылып:

“Аял өз ордун билиши керекпи же жокпу”, “эмнеге эркек киши үй жумуштарын аткарууга милдеттүү эмес”, “уул менен кыздын тарбиясы ортосунда айырма барбы”, “үй-бүлөдө ким башчы да, ким моюн”, “Негизи эле, гендердик теңдик коом үчүн пайдалуубу же жокпу” деген сыяктуу суроолорго жооп изделди. (Булагы: sputnik.kg)

Комментарий:

Дүйнө турмушунда Ислам Шарияты чечим бербеген бир да проблема жок. Анткени, Жараткан Аллах таала пенделеринин иштерин жакшы билген абалда, алардын турмуш жолун, жашоо мыйзамдарын Өзү белгилеп берди. Ахиретте аларга канчалык амал кылганыбыздан жана канчалык баш тартканыбыздан жооп беребиз. Эми жогорудагы талкууга келсек, адам баласы канчалык аракет кылбасын, баары бир баарыга дал келе турган жашоо мыйзамын түзө албайт. Ошондуктан, өзү көзөмөлгө мухтаж болгон аялдардын шарият буйруп койгон өкүмдүн айланасында талкуу жүргүзүүлөрү туура эмес. Ислам аялга аяп-корголушу важиб болгон ар-намыс деп, экономикалык, моралдык жана денелик жактан жардамга мухтаж инсан деп карайт. Аллах таала бизге шариятты түгөл түшүрдү жана анда аялдын бүлөдөгү орду, эринин акысы, жада калса, кийиниши тууралуу да ачык-айкын эрежелерди берди. Ошондуктан, Жаратуучу Өз хикматы менен түшүргөн ар бир өкүмдүн себебин сүрүштүрүү, ал тууралуу талкуулар алып баруу наадандыктын гана белгиси эсептелет. Биз “уктук жана моюн сундук” дешибиз гана керек.

Муслима сиңдиңиз

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here