Аксо масжиди астында казылган тоннель

489
0

Аксо масжиди астында казылган тоннель

Кече күнү жөөттөр Аксо мечити астында казылган тунелдин ачылыш ырасымын өткөрүштү. Ырасымга жөөттөр премьер-министри Бинямин Нетаняхунун аялы, аны менен бирге АКШнын израильдеги элчиси Дэвид Фридман жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Жейсон Греенблаттар катышты. Алардын баары колдоруна кетмен-күрөктөрдү алып алышкан эле.

Жөөттөр узак жылдардан бери мубарек Аксо масжидинин астында казуу иштерин жүргүзүп келишет. Алардын айтымында, ал жерде жөөттөрдүн байыркы ибадатканасы бар имиш, эми ошонун калдыктарын табуу үчүн казып жатышыптыр. Бирок, мына ушунча узак убакыттардан бери казышканына карабастан, жөөттөр ушуга дейре “байыркы ыйык жер”ге тиешелүү бир да далил табыша элек. Лекин, алар кежирлик менен казуу иштерин улантып келишет.

Жөөттөр Аксо масжиди алдынан өз тарыхтарына тиешелүү эч бир калдык таппаса да аны каза беришкенинин себеби – Аксо масжидинин пайдубалын уратуу – экени белгиленип келет. Алар ушул максаттарын ишке ашыруу жолунда бир аз болсо-да ийгиликке жетишип жатканын айтууга болот. Анткени, тартипсиз казуу натыйжасында Аксо мечити короосунан көп жайлар чөгүп баратканы кабарланууда. �{]t�

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here