«Маккаи Мукаррама документи» – зыянкечтердин зыяндуу документи

469
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«Маккаи Мукаррама документи»зыянкечтердин зыяндуу документи

Устаз Исам Амира – Байтул Макдис

Ливанда чыккан «Хаят» гезити 2019-жылы 29-май күнү жарыялаган кабарда айтылышынча, 139 мамлекеттен түрдүү мазхаб жана тайпа өкүлдөрүнөн турган 1200 «исламий адамдар» өз муфтийлери жетекчилигинде «Маккаи Мукаррама документин» деп тастыкташты. Ага ылайык, мындан – бир жактан – мусулман өлкөлөрүндөгү түрдүү дин, маданият, тек жана мазхаб өкүлдөрү ортосунда тилектеш баалуулуктарды орнотуу максат кылынган болсо, экинчи жактан, бүткүл инсаний коом ортосунда тынчтык жана достукту орнотуу максат кылынган имиш. О.э. документти тастыктагандар Набий ﷺдын 14 кылым мурун Ислам мамлекети түрдүү катмарлардын биримдигин сактоо үчүн түзгөн «Мадинаи Мунаввара документинен» илхам алышканын айтышты.

Ошентип, бул «исламий адамдар» Аллахтын динине кол салып, диндеги өзгөргүс негиздер жана мусулмандардын туйгулары, алардын саясий жана мыйзамдуу мурастары менен ойношуп, ушул зыянкечтердин зыяндуу документин ырасташты. Документтин беренелеринде Расулуллах ﷺ алгачкы Ислам мамлекетин тикелегенден кийин түзгөн «Мадинаи Мунаввара документинен» илхам алынганы айтылган.

Бул «Маккаи Мукаррама документи» менен «Мадинаи Мунаввара документи» ортосундагы карама-каршылыкты баяндоо үчүн оболу бир нерсени баса белгилүү зарыл. «Мадина документи» Мадина коомунун бардык курамдык бөлүктөрүнө – бул бөлүктөр акыйдавий жана тарыхий жактан ар түрдүү болгонуна карабастан – исламий өкүмдарлыкты орноткон. «Мадина документинен» айырмаланып, зыянкечтердин зыяндуу документинде эл аралык коомчулуктун Ислам шариаты, анын өзгөргүс өкүмдарлык негиздерине жана акыйдаларына карата мунафыктыгы үстөм коюлган. Анткени, Ислам шариаты акыйдалары ширкке негизделген акыйдалар менен эч бир көрүнүштө шайкеш келбейт. Бул нерселер Ислам сакафатына бүтүндөй карама-каршы. Себеби бүткүл жерди камтып алган Ислам сакафаты таухидди жаят, үчтүк (насронийлердин итикадына) жана куфрга каршы күрөшөт. Кийин, «Макка документинде» кабыл алынган негизги нерсе Исламга тескери экенин жана аны менен Ислам өкүмдөрүн өзгөртүүгө аракет кылынып жатканын да көрсөтүп берүү зарыл.

Бу жерде зыянкечтердин зыяндуу документинде келген нерселерди бирме-бир айтып өтүүнүн орду эмес. Бирок, бул документ мусулмандарга эч кандай тиешеси болбогон адамдар тарабынан зыянкеч мамлекеттердин Сайкс-Пико келишими негизинде түзүлгөнүн билүүнүн өзү жетиштүү. Колонизатор кафир Усманий Халифалык мамлекетин кулатуу артынан тургузган бул мамлекетчелер Ислам жана мусулмандарга таптакыр таандык эмес. Эң негизгиси, бул документ (АКШ, Европа сыяктуу) колонизатор ири мамлекеттердин көрсөтмөсү менен түзүлүп, мусулмандарды күчсүздөнтүү, аларга зомбулук кылуу, жада калса мусулмандарга толук өкүмдарлык кылып жаткан маалда түзүлдү. Аллах Таала айтат:

الَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمْ فَإِن كَانَ لَكُمْ فَتْحٌ مِّنَ اللَّهِ قَالُوا أَلَمْ نَكُن مَّعَكُمْ وَإِن كَانَ لِلْكَافِرِينَ نَصِيبٌ قَالُوا أَلَمْ نَسْتَحْوِذْ عَلَيْكُمْ وَنَمْنَعْكُم مِّنَ الْمُؤْمِنِينَ ۚ فَاللَّهُ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

«Алар силерге көз тигип турушат. Эгер, силерге Аллах тарабынан жеңиш келсе: «Биз да силер менен бир диндебиз го», дешет. Эгер, жеңиш кафирлерге насиб кылса: «Биз силерден үстөм болгон жана силерди муминдерден коргогон эмес белек?» – дешет. Эми, Кыямат күнүндө Аллах ортоңордо өкүмдарлык кылат. Аллах эч качан кафирлерди муминдер үстүнөн өкүмдар кылбайт» [4:141]

Бул зыянкечтердин зыяндуу документинде Исламий Уммат өз уламаларына таянышы керектиги т.а. бүгүнкү күндө дүйнөдөгү текебер мамлекеттердин малайлары болгон акимдерге итаат кылып жаткан уламаларга таянуу зарылдыгы баса белгиленген. Бул болсо, маъруфка буйруп, мункардан кайтарып жаткан башка роббаний уламалардын үнү бастырылышын, муну мыйзамдаштыруу үчүн мыйзамдар иштелип чыгышын түшүндүрөт. Т.а. жаман ахвал жаман боюнча калууда, көп замандан бери уйкуда калган Умматты ойготуу үчүн өзгөрүү жасоого болгон ар кандай аракетке тыюу салынууда. Андан тышкары, Ислам жана мусулмандардын инсаният цивилизациясындагы салымы башкалардын салымы менен теңештирилүүдө. Бул жерде, массондуктун ыплас жыты келүүдө. Себеби массондук диндер менен акыйдаларды теңеп, ушул аркылуу Исламды капиталисттик куфр жана коммунисттик кудайсыздык алдында этибарсыз динге айлантат.

Зыянкечтердин зыяндуу документинде мындай делет: «Башкалар менен өз ара туура түшүнүү негизинде мамиле кылуунун жана алардын өкүмдөрү менен таанышуунун жана биргеликте жашоодогу тоскоолдуктарды жеңип, проблемаларды жоюп о.э. дискриминациялык авантюралар жана фитна назариялардан турган тарыхий душмандыкты козутуучу мурун кабыл алынган өкүмдөрдү четтеп өтүүнүн эң жакшы усулубу – сакафий диалог». Документте мындай чакырык жолдонгон: «Кандай гана шылтоолор болбосун, мамлекеттин иштерине аралашпоо кажет. Себеби, бул четке кагылган бузгунчулук. Бул айрыкча, экономикалык жана башка ар түрдүү шылтоо менен бирге, саясий өкүмдарлык услубдарынан эсептелет. Же мазхабчылык пикирлерин зордоп тыгыштыруу, же болбосо белгилүү бир заманга таандык фатваларды тыгыштыруу болуп эсептелет». Ушундайча документ Ислам мамлекетин тикелөөгө болгон аракетке т.а. адамдарды караңгылыктан нурга чыгаруу үчүн Аллахтын жолунда жихад кылууга тосмо коюуда, мусулмандардын тарыхындагы улуу кылымдарды, анын нур белгилерин өчүрүүгө урунууда!

Ушул зыяндуу документке кол койгондор «мусулман коомдорун коргоону, аларды муътадил жана орточо пикирлерге жетектөөнү» өзгөчө баса белгилешип, Куръан жана Суннаттан о.э. бул экөөсү көрсөткөн ижма жана киястан өзүлөрүн үстөм коюшту. О.э. алар Ислам туура колдонулган кылымдардагы уламалардын сөздөрүн тебелеп, бул сөздөрдү дин маселелеринде шаръий усулдан бүтүндөй алыс болгон уламалардын болбогур сөздөрүнө алмаштырышты.

Эч бир олуттуу сунушту камтыбаган жалган бул документте мусулман жаштарына этибар берүү талап кылынган. Бирок, Ислам Умматындагы ушул үлкөн катмарды тартуу үчүн эч бир жетик дастур көрсөтүлбөдү. Документти тастыктагандар «жаштардын бардык демилгелери жана дастурлары, өзгөчө, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө салым кошкон дастурлары назарий сунуштан амалиятка өтүшүн талап кылабыз, кыргын, тектик тазалоо, мажбурий көчүрүү жана мыйзамдуу абортторду каралайбыз», – дешти. Бул таза сөз эмес. Мындай сөздөн мусулмандарда караңгы туннелдин акырында жарыктык бар деген туйгуну пайда кылуу көздөлгөн. Мындай кылмыш жана терроризм менен кафир жана текебер мамлекеттер о.э. алардын исламий өлкөлөрдөгү малай акимдери шугулданышууда.

Жыйынтык катары айтар сөзүм ушул, Маккадагы зыянкечтердин бул зыяндуу документи мусулмандар күчсүз болгон заманда түзүлдү. Бирок, Набий ﷺдын Мадина документи болсо, мусулмандар нусратка жетишип, мамлекет тикелеген соң кубатка толгон заманда түзүлдү.

Аллахым, булардын айла-амалдарын өзүлөрүнө ургун, биз алардын жамандыгынан Сенден коргоо сурайбыз. Аллахым, аларга дүйнөнү тар кылгын, бизди Сенин досторуң азиз жана кудуреттүү боло турган, душмандарың кор боло турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык менен ырыскыландыр. Бул иштин ээси Өзүңсүң жана буга Кудуреттүүсүң.

Роя гезити, №239, 2019-жыл, 19-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here