Казакстанда “Чөл бүркүтү” эл аралык аскерий машыгуулары өткөрүлдү

423
0

Казакстанда Чөл бүркүтү эл аралык аскерий машыгуулары өткөрүлдү

Казакстанда “Чөл бүркүтү” эл аралык аскерий машыгуулары өткөрүлдү. Бул тууралуу Казакстан коргоо министрлиги кабарлады.

 Кабарда айтылышынча, анда Британия, Индия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана АКШ аскерийлери “тынчтык орнотуучу” операциялар өткөрүү иштерин аткарышкан.

Өзгөчө, блокпосттордо кызмат өтөө, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөр өткөрүү, жолдорду миналардан арылтуу, сууну тазалоо жана жеткирип берүү сыяктуу иштерге машыгуулар аткарылды.

 Комментарий: Россиянын Крымды аннексиялашы артынан АКШ “НАТОго мүчө Европа мамлекеттерин Россия кол салуусунан коргоо” шылтоосу менен 2015-жылдан бери Европа мамлекеттеринде “Атлантикалык чечкиндүүлүк” машыгууларын өткөрүп келет. Бул машыгууларга Балтика жана Балкан мамлекеттери, Польша, Чехия, Венгрия, Румыния, Украина жана Грузия катышып келүүдө. АКШнын мындан көздөгөн максаты – НАТОну Чыгышка карай кеңейтүү жана мүмкүн болушунча Россиянын тумшугу астына кирип келүү. Ушундай эле максатта, ал 2003-жылдан бери Орто Азия республикалары менен кызматташтыкта “Чөл бүркүтү” машыгууларын өткөрүп келүүдө. О.э. 2014-жылы Ташкентте Борбордук Азия мамлекеттери менен байланыш жана өз ара кызматташтык боюнча НАТО бюросу ачылган.

 Албетте, АКШнын мындай аракеттери Россияга жакпайт. Ошондуктан, Путин НАТОну өз таасир майданын Чыгышка карай кеңейтпөө тууралуу берген убадасына турбай жаткандыкта айыптап келет. Ал 2015-жылы болуп өткөн кезектеги“Чөл бүркүтү” машыгууларынан кийин “Биз НАТОнун улам Россия чегараларына жакындашып жатканын көрп жатабыз. Мында Россия кызыкчылыктары эсепке алынбай жатат”, – деген эле.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here