Атамбаев “эски саясий чөйрөгө” каршы митингге катышарын айтты
3-июль күнү Бишкекте өткөрүлүшү күтүлүп жаткан тынч митинг атамбаевчилер тарабынан уюштурулуп жатат. А. Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн өз тарапкерлерине митингде катышарын билдирди.
Атамбаев тарапкерлери митингде, “эски саясий элита кетсин, ордуна жаңы элдик лидерлер келсин” деген маанидеги чакырыктар менен чыгышмакчы. Митинг учурдагы президент С. Жээнбековго каршы маанайда өтүшү күтүлүүдө.
Комментарий: Атамбаев менен Жээнбеков ортосундагы келишпестиктер азыр саясий катмарды экиге бөлүп, эмки этабында мамлекет жарандарын экиге бөлүүгө карай кетүүдө.
Атамбаев Кой-Таштагы хансарайында жүздөгөн адамдар артында коргонууга өттү. Жээнбеков колундагы укуктарынан пайдалануу менен мыйзамга басым жасап, Атамбаевди бурчка такап барууда. Ар эки тарап тең бири-бирине каршы маалымат күрөшүн алып баруу менен жарандар пикирин өз максаттарына карай багытташмакчы болушууда. Алар талашып жаткан саясий чөйрө өкүлдөрү болгон саясатчылар да – өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары негизинде – эки тарапка бөлүнүп бара жатышат.
Атамбаев бийлик үчүн кооптуу күчкө айланып кетиши мүмкүн эле. Себеби, Жээнбеков тартып алган жетекчи топ мурун Атамбаевдин тобу болгон, бирок, алар Жээнбековдун артынан Атамбаевди сатып кетишти. Алар “саясий элита” деп атап жаткан бул топ – ар кандай жаңы күч пайда болсо ошого ыктап кете турган ишеничсиз топ болгондуктан – Жээнбеков аны майдалап, оппозиция башчысына айланып бара жаткан Атамбаевдин өзүн камакка алмакчы болуп жатат.
Ар эки тарап тең өз максаттарына жетиш же кылмыш жоопкерчиликтеринен качыш үчүн, эми жарандардан пайдаланмакчы болушууда. Атамбаев Жээнбековду келишүүгө мажбурлап, өзүн кылмыш жоопкерчилигинен сактап калыш үчүн мамлекетте улуттар аралык, аймактар аралык же башка туруксуздуктар келтирип чыгаруудан кайра тартпай жатат. Атамбаев 6 жыл бою мыйзамдардын негизи болгон конституциянын коргоочусу болду. Эми бүгүнкү күнгө келип, анын өзү учурдагы президентти жана өзү түзүп кеткен сот механизмин тан албай тургандыгын айтып жатат. Демек, ал мамлекетте туруксуздуктарды келтирип чыгаруу аркылуу Жээнбековдорго проблема кылуу менен, аларды келишүүгө мажбурламакчы.
Демек, бул тынбай бири-бирин жеке кызыкчылыктары үчүн сатып жаткан жетекчи топту, же кыянатчылык жана алсыздык негизине курулган саясий чөйрөнү коргоодон эч кандай пайда жок. Ар эки тарап тең өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары жолунда биздин, жарандардын күчүнөн пайдаланып, маселени өз пайдаларына чечишмекчи. Мунун акыбетинде келип чыга турган жарандар ортосундагы коркунучтуу абалдар аларды кызыктырбайт.
Боордоштор, алар берип жаткан арзыбас маталар акысына – алардын кызыкчылыктары үчүн – жалпы элдин кызыкчылыктарын курмандыкка чалып жибербейли. Мындан мурунку мамлекеттик төңкөрүштөрдөн сабак алалы. Ал төңкөрүштөрдө элибиздин кулундары курман болуп кете беришти, бирок, бул жетекчи топ бийликке жетип алгандан кийин, бийликти кайра эле өздөрү өздөштүрүп алышпадыбы?! Кийин бийликти андан башкасына алып бермекчи болсок, кайра алар калкка каршы куралдар менен чыгышпадыбы?! Мына эми кайра дагы ошолор элди бири-бирине каршы кагылышууга үндөмөкчү болуп жатышат…
Абдураззак Муъмин