Кытай Тажикстан алюминий заводуна 545 миллион долларлык инвестиция салат

327
0

Кытай Тажикстан алюминий заводуна 545 миллион долларлык инвестиция салат

Кытайдын China Machinery Engineering Corporation мамлекеттик ишканасы Тажикстанда “Талко” алюминий компаниясынын модернизациясын жүргүзөт. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан кабарлады. 

Долбоор эки жылга болжолдонуп, наркы 545 миллион долларды түзөт.

 Модернизация жүрүшүндө Кытай тарап алюминий өндүрүш кубатын жылына 300 миң тоннага жеткирүүнү пландаштырууда.

Кытай кандай шарттарда “Талко”го капитал жаткырышы азырынча ачыктала элек.

 Изах:

 Бүгүнкү күндө Кытайдын экономикалык кубаты артып, дүйнөдөгү экинчи экономикага айланды. Ал өзүндө топтолуп калган үлкөн каражатты өзүнүн экономикалык экспансиясын жүзөгө ашыруу жолунда сарптап жатат. Маалым болгондой, Кытай соңку жылдарда Тажикстандын башкы инвесторуна айланды. Тажикстандын тышкы карызынын жарымынан көбү да мына ушул Кытайга таандык. Кытай өкмөтү өз бюджетинен узак мөөнөттүү кредиттер ажыратып, ал каражаттарга Тажикстанда административдик имараттарга чейин куруп берүүдө. Өткөн жылы да Тажикстан парламентинин имараты Кытай тарабынан реконструкцияланып, ага расмий Пекин өз бюджетинен 1,5 миллиард юань ажыраткан. Бирок, ушуга чейин бир да жолу Кытай менен Тажикстан ортосундагы карыздарга тиешелүү келишимдер ачыкка чыккан эмес, алардын шарттары белгисиз.

 Айрым булактарда келишинче, Кытайдын инвестицияга тиешелүү келишимдеринде өзгөчө бир берене бар. Ага ылайык, карыздар мамлекеттер Кытайдан алган карыздары үчүн өз эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгүнөн кечүүлөрү керек, мисалы, алар Кытай менен эл аралык сотто сотттошуу укугунан баш тартышат.

 Тажикстандын мурунку карыздары үчүн Кытай Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынан казылма байлыктарга бай 90 миң гектар жерди тартып алган. Тажикстан же ал сыяктуу башка “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери Кытай же башка империалисттерден алган карыздарынын эч болбогондо бир бөлүгүн – өндүрүш өнүгүшү үчүн шарт жаратып берүүчү – станок куруучулук, машина куруучулук сыяктуу оор өнөржай тармактарына жумшоо тууралуу ойлоп да коюшпайт.  Өндүрүш өнүгүшүнүн кепилдиги болгон оор өнөржай жолго коюлбаса, анда өзүбүзгө асфальтты да өзүбүз төшөй албай калабыз! Анткени, ар бир иш үчүн өзүнө ылайык техника жана керектүү жабдуулар зарыл болот. Бул жабдуулардын баары оор өнөржайларда өндүрүлөт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here