Эй Шам калкы! Аллахтын арканын бекем кармагыла жана козголоңуңарга каршы уюштурулуп жаткан фитналарды кыйраткыла

358
0

Эй Шам калкы! Аллахтын арканын бекем кармагыла жана козголоңуңарга каршы уюштурулуп жаткан фитналарды кыйраткыла

«Балади Ньюс» сайты хижрий 1440-жылы 5-шаввал, миладий 2019-жылы 8-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Асад режиминин күчтөрү менен Россия күчтөрү ушул айдын башында Сириянын түндүк региондорунда башталган аскерий амалияттардын алкагында Идлиб регионунун жанындагы шаар жана айылдарды замбиректер, ракеталар жана учактар аркылуу бомбалоону баштады.

«Балади Ньюс» агенттигинин Идлибдеги кабарчысы маалымдашынча, ишемби күнү режимдин аскерий учактары Хубайт, Куфри Авид, Карсаа, Маар Тахрима сыяктуу шаар жана айылдарга, Идлибдин түштүгүндөгү Хасс чет жакаларына ракеталарды атышты. Соккулар натыйжасында жарандар арасында каза болгондор жок болсо да, бирок, материалдык зыяндар болду.

Кабарчыбыз, режимге караштуу вертолёттор Идлибдин түштүгүндөгү Мааррати Нуман шаарынын Хамидия районуна жарылуучу бочкаларды таштаганын, каза болгондор катталбаганын маалымдады.

Россия аскерий учактары Идлибдин түштүгүндөгү Шахшаба тоолуу регионунда жайгашкан Трамла жана Кавкаба шаарларын бутага алып, аба чабуулдарын уюштурду».

Роя гезити:

Канкор режим жана душманчыл Россиянын аскерий учактары «алоолонгон жер» саясаты алкагында жүздөгөн аба чабуулдарын жасап, миңдеген бомба жана ракеталарды жаадырып келишүүдө. Ошого карабастан, адамдар аз мүмкүнчүлүктөрү менен болсо да аларга каршы туруп, алардын алга жылуусуна тоскоолдук кылышууда. О.э. кээ бир аймактардан чыгууга туура келсе, аларды кээде ал тарап, кээде бул тарап өз көзөмөлүнө алып жатат. Шам жеринде күбө болуп жаткан бул окуялар баарына айдан ачык болуп калган чындыкты көрсөтүүдө. Ал да болсо, канкор режимдин күчтөрү алсыздашып, аскерлери рухий жактан кайраты кеткени, согуш алып барып, согушту өз пайдасына чечүү мүмкүнчүлүктөрүн жоготушканы ачык көрүнүп калды. Акыйкатта болсо, режим өзүнүн бүткүл кургактык жана аба күчтөрүн сапарбар кылып, кеңири көлөмдүү бомбалоолорду жасап жатат. Эгер, АКШ жана Россия планы негизинде эл аралык жардамдар берилбей, Иран жана анын тарапкерлери тарабынан түздөн-түз регионалдык колдоо көрсөтүлбөгөндө, бул режим эчак эле кыйрап жок болмок.

Ошондой болгон соң, Шам калкынын вазыйпасы – Аллахтын арканын бекем кармап, аларга каршы уюштурулуп жаткан фитналарга каршы туруу, эч качан үмүтсүздүккө түшпөө, тескерисинче, аракетке келүүгө себеп болгон акыйкат үстүндө бекем турууну улантып, калыс ага-инилерге кошулуу. Муну менен бирге, аң-сезимдүү таризде аракет кылуу, Роббибиз ыраазы боло турган жана акыйдабыздан алынган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө долбоорун бекем кармоо керек. Бул долбоорду куфрга, зулумга жана кылмышка негизделген режимдин урандылары үстүнө тургузуу үчүн ушул долбоор негизинде аракет кылуу шарт. Роббибиз Өз динине нусрат-жардам беришине ишенип, Пайгамбарлык минхажы неизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн Анын ыраазылыгын көздөшүбүз керек. Ошондо гана эки дүйнө бакытына жана ийгилигине жетишебиз.

Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here