Түркия Россиядан С-400 комплексин сатып алышы жана бул маселенин кандай аякташы туурасында талкуулар

318
0

Түркия Россиядан С-400 комплексин сатып алышы жана бул маселенин кандай аякташы туурасында талкуулар

«Илаф» сайты хижрий 1440-жылы 4-шаввал, миладий 2019-жылы 7-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«АКШ коргоо министринин жардамчысы Эллен Лорд баса белгилешинче, эгер Түркия 31-июлга чейин С-400 комплексин сатып алуудан баш тартпаса, Кошмо Штаттарда F-35 учактары боюнча машыгуудан өтүп жаткан түркиялык учкучтар Кошмо Штаттардан чыгарылат, F-35 учактарынын жабдыктарын өндүргөн түрк компаниялары менен түзүлгөн келишим бекер кылынат.

Американын бул позициясы – түрк президенти Режеб Таййиб Эрдагандын билдирүүсүнөн үч күн өтүп – билдирилди. Билдирүүдө Эрдаган Россиядан ракета системасын сатып алуудан баш тартпаганын айтып, эгер АКШнын «Патриот» системасын сатып алуу келишими Россиядан С-400 комплексин сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн нерселерге туура келбесе, анда Түркия АКШдан «Патриот» системасын сатып алуу жөнүндө ойлобошун баса белгиледи».

Роя гезити:

«Ал эми, келишимдин ишке ашуусуна байланыштуу жагдай төмөнкү иштер ортосунда орун алышы күтүлөт:

а)    Түркия келишимди ишке ашыруу кадамдарын токтотуу чечимин чыгаруусу. Анткени, Түркия экономикалык жана саясий жактан Америка менен тыгыз байланышта. Бул келишимди тактикалык куралдарды сатып алуу менен орун алмаштыруусу күтүлөт. Мисалы, Орусиядан анти-ракета системасын сатып алуунун ордуна вертолетторду сатып алуусу. Бул сыяктуу тактикалык куралдарды сатып алуу Америкага жана НАТОго коркунуч жаратпайт. Андан кийин Түркия өз коопсуздугу коргоо жаатында Америкадан жабдыктарды сатып ала турган болот…

б)    Же америкалыктар «Грек чечимин» сунушташы күтүлөт. Башкача айтканда, Орусия ракетасын кампага сактап дат бастыруу тагдырын кийгизет. Анын каршысында Американын 3 жарым миллиард доллар турган Patriot ракетасын сатып алуу…

в) Же бул ракета системасын үчүнчү өлкөгө жиберүү мүмкүнчүлүгү күтүлөт, мисалы, Орусияны туталантпай, анын куралын Индияга багыттап жиберүү. Индия Кытайды ооздуктоодо Америка стратегиясы менен шайкеш иш алып барат.

Булардын ичинен басымдуурак ишке ашышы күтүлө турганы «а» пунтку болуп саналат. Жогоруда айтылган 2019-жылы 2-апрелдеги Шэнахэндин билдирүүсүндө көрүнүп тургандай, тараптар бул көйгөйдү ушундай көрүнүштө чечүүгө багыттана  башташты. Ошондой эле Орусиянын аскерий өндүрүш боюнча вице-премьери мындай билдирүү берди: «Түркиянын С-400 келишиминен кайтуусу бизге эч кандай коркунуч жаратпайт» («Алжазиира», 2019-жыл, 3-апрель). Ошондой эле ушул булак «Орус Мамдумасындагы коргоо боюнча комитеттин төрагасы Владимир Шамановдун Түркиянын С-400 келишиминен кайтуу мүмкүндүгүн акыйкаттан алыс санабагандыгын билдирди» («Алжазиира нет», 2019-жыл, 3-апрель). «Ал-арабия» булагынын 2019-жыл 4-апрелдеги маалыматында айтылышынча: «Түркия Орусиянын С-400 ракета системасынын коркунучун талкулоо үчүн Вашигтондон жумушчу жамаатын чакырды». Ушунун баары биринчи «а» пунктундагы Орусия менен ракета келишимин ишке ашырбоо кадамдары башталгандыгын тастыктап турат. Башкача айтканда, келишимди жокко чыгаруу». (Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын 2019-жылдын 4-апрелдеги суроо-жооб баракчасынан).

Роя гезити, №238, 2019-жыл, 12-июн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here