Эй Судан эли сергек болгула! Башир режими дале кулаган жок, себеби анын башчысы Башир гана кетти

346
0

Эй Судан эли сергек болгула! Башир режими дале кулаган жок, себеби анын башчысы Башир гана кетти

«Би-Би-Си арабийя» сайты хижрий 1440-жылы 29-рамазан, миладий 2019-жылы 3-июнь күнү жарыялаган кабарда мындан делет:

«Судан коопсуздук күчтөрү борбор Хартумдагы коргоо министрлигинин имараты алдында чатыр тигип, демонстрация өткөрүп жаткандарга кол салды. Маалыматтарга ылайык, ок аталып, демонстранттардын чатырлары өрттөлгөн.

Судан дарыгерлер комитети маалымдашынча, дүйшөмбү күнү эрте менен коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таркатканда кеминде 13 адам каза тапкан (алардын бири сегиз жаштагы бала болгон), 116 адам жаракат алган, бул сандар көбөйүшүнүн ыктымалы бар.

Кабарда айтылышынча, демонстрацияны токтотуу аракетинен кийин ыкчам коопсуздук күчтөрү Хартумдагы ооруканаларга бастырып кирип, жарадарлардын бир канчасын алып чыгып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттары бул «күчтөр «Royal Care» ооруканасына бастырып кирип, ал жердеги оорулууларга жана кызматкерлерге чабуу кылышканын» маалымдашты».

Роя гезити:

Мындай иш-аракеттер шек-күмөнсүз ушуну ырастап жатат, Судандагы полицей режим кулаган жок, анын башчысы Умар Башир жана анын айрым куйруктары гана кулады. Өлкөнү убактылуу башкарып жаткан Аскерий Кеңеш – Баширдин залимдигин жана америкачылыгын улантуучу. Аскерий Кеңеш манёврларды жасап, өзүн козголоңчулардын талаптарына ыраазы болгондой кылып көрсөттү, бирок, мына учуру келгенде минтип өзүн көрсөттү.

Ошондуктан, Судандагы калыс кишилер – алар аз эмес – туура жолду көрө билип, Аскерий Кеңеш менен сүйлөшүү өткөрүүнү токтотушу, өлкөдө чыныгы өзгөрүү жасоосу керек. Унутпагыла, өзгөрүү туура, пакиза негизде болбосо, анын акыбети ийгиликсиз болот. Туура жана пакиза негиздеги өзгөрүү гана режимди тамыры менен кулатып, анын урандылары үстүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелейт. Мына ошондо гана мусулмандар бул дүйнө жана акырет бакытына татыктуу болушат.

Роя гезити, №237, 2019жыл, 5июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here