Эл аралык Валюта Фонду: Украина мисалында

457
0

Эл аралык Валюта Фонду: Украина мисалында

23-майда Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) коммуникация департаментинин башчысы Жерри Райс мындай билдирүү берди: «Эл аралык Валюта Фонду Украина менен кызматташууну Жогорку Радага шайлоолор өткөрүлгөндөн кийин жандантат. Учурда Фонддун миссиясы Киевде Украина бийлиги менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү улантууда». Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул аптада Украина президенти Владимир Зеленский ЭВФтин миссиясы менен жолугушуу өткөрөт.

Учурда Украина оор экономикалык, финансылык, социалдык кризистерди башынан өткөрүүдө. Мындан да оор абал 2019-2021-жылдары жаралат. Себеби, бул жылдары Украина карыздарды төлөшүнүн учуру келет. Эксперттин баамында, Украина бул карыздарды төлөй албагандыктан дагы карыз алууга же карыз төлөөнү кечиктирүүнү суранууга мажбур болот.

2018-жылы декабрда ЭВФ жаңы кредиттик программа негизинде Украинага 3,9 млрд доллар берүүнү бекиткен. «Украина финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн жалпы тышкы карызы 52 млрд доллардан ашат. Киевдин негизги кредитору – Эл аралык Валюта Фонду» (RT, 25.05.19).

Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу уюмдар АКШнын колониялык саясатынын куралы болуп эсептелет. Алар негизинен мамлекеттерге, өзгөчө кризисти башынан өткөрүп жаткан мамлекеттерге «жардам» катары кредиттерди берип кишендеп алышат, кишендеп алган соң салыктарды, коммуналдык төлөмдөрдү жогорулат, менчиктештирүүнү ишке ашыр, инвесторлорго ыңгайлуу чөйрө жарат… деп шарттарды коёт. Албетте, бул шарттардын аткарылышы өлкө экономикасын бууп, инвесторлор (уурулар) өлкө ресурстарын талап кетишине жол ачат. Андан тышкары, ЭВФ акимдер кредиттердин кандайдыр бир бөлүгүн өз чөнтөгүнө салып аларын билишет, бирок билип турса да кредит берет. Себеби, ЭВФ үчүн кредит пайызы менен кайтышы маанилүү эмес, өлкө карызды төлөй албай, кайра-кайра кредит алып биротоло кишенделип калышы маанилүү.

Албетте бул чындыкты баары эле айта бербейт, айрыкча оозу ошол кредиттер менен майланып калгандар. Бирок, Украинанын парламентинин мурунку депутаты Вадим Рабинович агынан жарылды. 19-майда «112 Украина» телеканалынын көрсөтүүсүндө Вадим Рабинович мындай деди: «Эл аралык Валюта Фонду экономикага жалаң гана чыгашаларды алып келди жана өлкөнү карыз аңына киргизди». Рабинович өз сөзүндө ЭВФти Украина экономикасын «айыктыра турган» «дарыгерге» салыштырган. Бирок, ал баса белгилегендей, бул уюм менен кызматташуу «тескерисинче жаман акыбеттерге алып келген». «Акыркы жылдары биздин экономикабыздын «оорусу» таптакыр оңолгон жок. Экономиканын сырьёлук курамы көбөйүүдө, жумуштук миграция болуп көрбөгөн көлөмгө жетти… айткылачы, биз аларга эмне үчүн төлөшүбүз керек?», – дейт Рабинович. Анын айтымында, жакынкы беш жыл ичинде Украина ЭВФке 10 млрд доллар төлөшү керек. Рабинович Порошенконун доорунда ЭВФ Украинаны дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкө деп тааныганын эскертип: «Эгер, силер алардын баарын ууру деп, кийин аларга миллиарддаган кредиттерди берип жатсаңар, демек, силер атайылап биздин өлкөбүздүн мойнуна сыйыртмак салып жатканыңарды билгенсиңер же силер алар менен бирге үлүштөсүңөр». Рабинович айтат: «Бул дарыгер жалганчы болуп чыкты. Анын диплому жок, ал бизди кантип дарылоону билбейт. Эгер, Зеленский ЭВФ менен алканы үзбөсө, анда бул нерсе эң чоң трагедиялык жаңылыштык болот. ЭВФ менен кызматташуу – кылмыштуулук, опурталдуулук. Аны менен кызматташууну токтотуу керек».

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here