Мусулмандарга курал сынашат

429
0

Мусулмандарга курал сынашат

Ливандын Ad-Diyar (Ад-Дияр) гезити 23-майда «Россия Сириянын түндүгүндө кандай жаңы куралдарды сынады?» деп аталган макаланы жарыялады. Бул макаланын кыскартылган вариантын сунуштайбыз:

«Оппозициялык маалымат каражаттары аскерий булактарга таянып маалымдашынча, Россия мурун техникалык кемчиликтери болгон айрым куралдарды өнүктүрүп жаңылады, жана аларды жакында Хама аймагында болуп өткөн салгылашта сыноодон өткөрдү.

Россиянын коргоо министрлиги заманбап куралдардын түрлөрүн сыноодон өткөрүүнү улантууда. Хама жана Идлибге каршы чабуул Россиянын жаңы куралдарын сыноодон өткөрүүнүн полигонуна айланды. Эң көрүнүктүү эксперименталдык курал аскерий учактар болду.

каб-500 жана каб-1500 авиабомбалары сыналды… Алар жер үстүндөгү жана жер астындагы буталарга сокку бере алат. Айрым видеолордон диаметри 15 метрден ашык жана тереңдик 6 метрге жеткен бомбалоонун издерин көрүүгө болот. Ошондой эле, Сириянын түндүгүндө Россиянын «Түнкү аңчы» вертолёттору сыналды.

Расмий маалыматка ылайык, Сирияда дээрлик 70 миң россиялык аскер тажрыйба алган. Алардын ичинде 500 генерал, дивизия жана полк командачылары бар. Андан тышкары, Сирияда 100дөн ашык жаңы куралдар сыналган. Хама аймагында өткөн салгылашта Россия аскерлери жаңы заманбап жапырт аткан реактивдүү системаны (ЖАРС) колдонушкан».

Бул макаладагы маалыматтарды Россиянын расмийлери да ырастоодо. «Россия коргоо министрлиги Сирияда 300дөн ашуун заманбап куралдарды согуш шартында сыноодон өткөргөнүн жарыялады» (golos-ameriki.ru, 08.01.19). 2018-жылы бул сыноолор жөнүндө Путин түз эфирде мындай деди: «Бул, Куралдуу Күчтөрдү жана жаңы куралдарды колдонуунун өтө баалуу тажрыйбасы».

Акыркы маалыматтар боюнча Сирияда дээрлик жарым миллион адам набыт болгону айтылууда.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here