Атамбаев КСДП төрагалыгынан кетти

383
0

Атамбаев КСДП төрагалыгынан кетти

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кетти. Анын ордуна Асел Кодуранова шайланды.  Бул тууралуу партиянын маалдымат кызматы кабарлады.   

Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынган. “Кыргызстан Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 26-майда күчүнө киргени себептүү Атамбаев партия төрагалыгын өткөрүп берген. 

Аталган мыйзамга 16-майда кол коюлган. Жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Кыргызстандагы эң чоң саясий партия болуп эсептелет. Ал 1993-жылы сентябрда түзүлгөн. Партиянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Алмазбек Атамбаев. Учурда партия парламенттеги эң көп орунга ээлик кылат. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун талапкердиги да ушул партия тарабынан көрсөтүлгөн. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here