Суданда бийлик үчүн күрөш күчөдү

322
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суданда бийлик үчүн күрөш күчөдү

Устаз Якуб Ибрахим (Абу Ибрахим) – Хартум

Судан армиясынын Башкы штабынын алдында демонстрациялар уланып жатат, ошол эле учурда, саясий майданда бийлик үчүн күрөш, тартышуу жана жаңжалдар күч алууда. Көз карандысыз кеңеш түзүү маселесинде Аскерий Кеңеш менен «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы ортосундагы келишпестиктерге чекит коюу үчүн партиялык болбогон улуттук ортомчу комитет аларга өз сунушу менен чыкты. Комитеттин сунушунда 7 жаран жана 3 аскерийден турган көз карандысыз кеңеш түзүү айтылган. Кеңешке Аскерий Кеңеш төрагалык кылат, анын бири аскерий, экинчиси жарандык эки орун басары болот. («Арабий Жадид», «Анадолу», 2019-жыл, 3-май). Бирок, бул сунуш четке кагылды: «Судан Аскерий Кеңештин мүчөсү маалымдашынча, бийликти бөлүштүрүү боюнча убактылуу кеңештин көпчүлүгү жарандар болушуна Аскерий Кеңеш таптакыр ыраазы болбойт. Себеби, бул «кызыл сызык» болуп эсептелет». («Скай-Ньюс», 2019-жыл, 4-май). Мындан мурда – «Анадолу» маалымат агенттигинин 2019-жылдын 30-марттагы кабарына ылайык – Аскерий Кеңеш 7 аскерий жана 3 жарандан турган кеңеш түзүү жөнүндө жарыя чыгарган, бирок, «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы буга ыраазы болбогон. «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы көз карандысыз кеңеш 15 аскерий, 8 жарандар түзүлүшү керек деген сунушту бекем кармап алган. Ортомчу комитет бул сунушту кабыл алганына-албаганына карабастан, Судандагы күрөш ордунда айланган дөңгөлөккө окшоп калды. Бир тарап сунуш кылат, экинчи тарап аны четке кагат, бир тарап сунуш кылат, экинчи тарап аны четке кагат…

Судан калкы бул үчүн козголоң көтөргөн эмес. Т.а. Инказ режимин кулатып, көпчүлүгү аскерий жана жарандык же тескерисинче көз карандысыз кеңеш түзүү үчүн козголоң көтөргөн жок. Себеби, көрсөтүлгөн сунуштар менен Судан калкынын талаптарынын ортосунда жер менен асмандай айырма бар. Элибиз адилеттүү жана жакшы турмушту издеп көчөгө чыгышты. Өлкө байлыктарын өздөштүрүү менен өлкөнү да, калкты да жакыр кылган кимселерди талап кылып эмес, балким, Аллах берген өлкө байлыктарын туура бөлүштүрүүнү талап кылып чыгышты. Умар Башир капиталисттик түзүмдү колдонуп, Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын көрсөтмөлөрүнө ыраазы болгону үчүн, Америка пландарын, айрыкча, өлкө түштүгүн бөлүү планын аткарып… Түштүктү бөлүү акыбетинде мамлекет нефть продукцияларынан түшкөн үлкөн кирешесинен (т.а. нефть продукцияларынан 80 %ын чет элден ала турган болду) куру калганы үчүн Судан калкы башынан өткөрүп жаткан бүгүнкү абал жаралды. Жашоо деңгээли кескин төмөндөп, Атбарада козголоң учкуну башталды, кийин козголоң бүткүл Судан бойлоп жайылып, режимдин кетишин талап кылды.

Аскерий Кеңеш «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсын Башкы штабдын адындагы демонтранттарды Кеңешке каршы тукуруп жатат, президенттик сарайга жана Башкы штабга бастырып кирүүгө чакырып жатат деп айыптады. Өз кезегинде, «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы Кеңешке бийликти жарандык өкмөткө тапшырууга олуттуу аракет кылбай жатат, бийликти өзүнө таандык кылып алууга урунууда, ушул аркылуу Умар Башир режиминдеги абалды кайра кайталап жатат дегендей айыптарды койду.

Ооба, «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсы да, анын артындагы Британия да Аскерий Кеңеш Америкага малай экенин билишет. Себеби, Америка саясаты ар кандай акылдуу кишиге сыр эмес. Америка армиядагы адамдарына таянып жатат жана алардан абалды күч менен болсо да көзөмөлгө алууну талап кылып жатат, өзүнүн Судандагы таасирин бекемдөө үчүн аларга басым кылып жатат. Ошондуктан, Аскерий Кеңеш бийликке бекем умтулуп жатканына күбө болуп жатабыз. Бир жактан, ал оппозиция күчтөрүнө жана демонстранттарга ачыктан-ачык коркутуу жана каршылык көрсөтүү ыкмасын колдонуп жатат. Башка жактан болсо, Кеңеш демонстранттар менен сүйлөшүүгө киришүүгө катуу аракет кылып жатканын жана Башкы штаб алдындагы демонстрацияны күч менен таратуу кааланбай жатканы баса белгиленип жатат. Кийин генерал майор Бурхан чыгып, жарандык өкмөт түзмөкчү экенин, бирок, бул армия жетекчилиги астында болушун маалымдады.

Америка саясаты боюнча, ал жарандык башкарууну кулатып өзүнүн армиядагы малайларын кайра тикелеп алганга чейин жарандык башкарууга ыраазы болуп турат. Кийин бул малайларын да ара жолго таштап кетет. Бул колонизатор мамлекет өз планы ишке ашышына ишеним пайда кылуу үчүн малайларына – алардын катарында, Африка Союзуна – бул ишке аралашышы керектигин уктурду. Ошентип, бул жерде тил бириктирүү жана убакытты созуу болуп жатканы ачык көрүнүп турат. Максат – Америка мажбур түшүп калган баткактан чыгып алышы үчүн Аскерий Кеңешти бийликте көбүрөөк кармап туруу.

Мунун тушунда Британия бул америкачыл Аскерий Кеңештин узак убакыт турушуна албетте ыраазы эмес. Тескерисинче, мындай Кеңештин бийликте болушун каалабайт. Мисалы, алгачкы учурда т.а. 2019-жылы 12-апрелде ыңкылап жарыя кылынгандан кийин Британия тышкы иштер министри Жереми Хант «тезинен кеңири көлөмдүү жана баардык тараптардын өкүлдөрү кирген жарандык бийликке өтүүнү» талап кылды. Өзүнүн Твиттердеги барагында «Аскерий Кеңештин эки жыл башкарууда калышы чечим эмес» деп кошумчалады. («Халиж онлайн»). Британиянын Судандагы элчиси Арафат Садык да өзүнүн Твиттердеги барагында Аскерий Кеңештин орун басары Мухаммад Хамдан менен жолугушканын айтып, мындай деди: «Мен бүгүн Аскерий Кеңештин орун басары менен жолуктум. Аны колдоп-кубаттоо же ага мыйзамдуулук берүү үчүн жолукканым жок, балким, Судандагы абалды жакшырта турган Британия пландарын баса белгилөө үчүн жолуктум». («Судан-Ньюс», 2019-жыл, 15-апрель). Британиянын Хартумдагы элчиси туруксуздуктан улам жана Аскерий Кеңеш бийликти жарандарга тапшырбай жаткандыктан Судан козголоңу жетишкен жетишкендиктердин ойрон болушунан эскертти. Британиянын позициясы отуз жылдык ийгиликсиз башкаруудан кийин кеңири көлөмдүү мамлекет куруу жана өзгөрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга негизделгенин маалымдады. Элчи демонстрация болуп жаткан аянтка барып, Судан козголоңу өтө тартиптүү өтүп жатканына, тез жардам борборлору түзүлгөнүнө, ажайып плакаттар жазылганына таң калганын билдирди жана демонстрацияга «мамлекет ичиндеги мамлекет» деп баа берди. Туйгуланып «буларга күбө болуу, мен үчүн чоң сыймык» деди, «бирок, булардын баары коркунуч астында, себеби, вакиъде саясий туруксуздук өкүмдар болуп, бул нерсе ушул күнгө чейин жетишкен ийгиликтерди ойрон кылуу коркунучун пайда кылууда» деди. («Судан Явм», 2019-жыл, 1-май). Дагы ал: «Биз Аскерий Кеңеш, нааразылык демонстрациялары жетекчилери, саясий партиялардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү менен боорукеңдик жана ортоктош чечим жөнүндө сүйлөштүк», – деди. («Судан Пост», 2019-жыл, 1-май). Өзгөчө, Судан Эмгекчилдер Ассоциациясында жана Садык Махдий жетектеген Хизбул Умматта Британиянын таасири күчтүү. Бирок, армияда Америка адамдары өкүмдарлык кылган соң, Британия малайларынын таасири – өкмөткө киришкен учурда да – чектелген бойдон кала берет.

Бирок, өкүнткөнү, армия үчүн зомбулук кылып жаткан америкачыл Аскерий Кеңешти жана жарандык өкмөткө чакырып жаткан британиячыл «Азаттык жана Өзгөрүү үчүн» альянсын жок кылуу кыйын эмес, кудум өткөн кылымда Садык Махдий өкмөтүн кылгандай. О.э. Аскерий Кеңеш Америкага малайлыгын улантышы менен, ушул аскерий мекемедеги командачылар үчүн олуттуу коркунуч сакталып калат. Себеби, Америка аларды иштетип, күчтөрү түгөнгөндө четке ыргытат. Алар Аллах Субханаху ва Тааланы ыраазы кылуунун ордуна, тескерисинче Американы ыраазы кылуу үстүндө жарышып жатканына, Аллах Азза ва Жалланын өкүмдөрүн таштап жатканына күбө болуп турабыз. Туура, бул аскерий мекемеде Аллах жана Анын динине жардам беришсе, Аллах да аларга нусрат-жардам бере турган, ахыретте үлкөн даражаларга көтөрө турган чынчыл аскерийлер бар экенин билебиз. Ошондуктан, бул чынчыл аскерийлерди рошид Халифалык долбооруна жардам берүүгө чакырабыз. Батыштан импорт кылынган жарандык өкмөт жана башка сөздөрдүн айтоор сөзүбүз ушул, мындай багытты өзгөрткүлө жана эң жакшы нерсени т.а. Аллах жана Расулу ыраазы боло турган нерсени талап кылгыла, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги  рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакыргыла. Ушул мамлекет менен гана бул дүйнө жана ахырет бакытына жетишесиңер. Демек, Судандагы бардык тараптар эс-акылдарын жыйып алышаар бекен?!

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here