Шам жериндеги шектүү аракеттер

373
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Шам жериндеги шектүү аракеттер

Устаз Абду Дали

Бүгүн Шам дипломатиялык сапарларга күбө болууда. Россия тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Россия жогорку даражадагы делегациясы Риязга сапар кылды. «Россия тышкы иштер министрлигинин делегациясына Россиянын Сириядагы атайын өкүлү Александр Лаврентьев, Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жана коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирген», – деп айтылат билдирүүдө.

Орус делегациясы Салман менен жолугушуп, Сирия маселесин жана Женева конференциясынын токтомдоруна ылайык саясий чечимге жетишүү зарыл экенин талкуулады. «Жолугушууда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясы негизинде Сирияда саясий туруктуулукту камсыздоого жаан өлкө реконструкциясы үчүн зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө этибар берилди». («Арабий 21»).

Бул сапар, Иран тышкы иштер министри Жавад Зарифтин Дамаскка, кийин Анкарага жасаган сапарына туура келди. Белгилүү болгондой, Зариф ушул жылдын февралында отставкага чыгып, кийин отставканы кайтарып алган. Зариф Асад режими менен өткөргөн жолугушуусунун корутундусун Түркияга маалымдады: «Зариф Анкарадагы президенттик резиденцияда Эрдаган менен жолугушуудан мурда: «Мен Эрдаганга Асад менен өткөргөн талкуумдун отчётун сунуш кылмакчымын», – деди». («Ал-Жазира» сайты).

Мындан тышкары, айлакердик, алдамчылык жала жалганчылык сыпаттары менен белгилүү тараптар Шам козголоңу жана анын натыйжалары, Шам калкынын азап-кыйынчылыктарына чекит коюунун убагы келгени… жөнүндө бир катар билдирүүлөрдү айтышты. Бул билдирүүлөр бүгүн Сириянын ири шаарларында күйүүчү май продукцияларынын таңсыктыгы, баалардын көтөрүлүшү жана доллардын жогорулашы сыяктуу оор кризисти башынан өткөрүп жатканда айтылууда.

Булардын баарынан ачык-айкын көрүнүп тургандай, учурда Асад режими өтө алсыз абалда калган, жада калса ал шамалга да туруштук бере албайт, ага сокку урулса, ар кандай убакта кулашы анык… Аны кулатуу үчүн Аллахтан жардам сураган жана Ага тобокел кылган калыс кишилер керек.

Жогоруда айтылган окуялар Сирияда Түркия кайгуулу тынымсыз аракет кылып жатканда, шаар жана айылдар бомбаланып жатканда, жолдо бара жаткан же үйдө олтурган катардагы адамдар кыргын кылынып жатканда болууда. Ушул аймактарда жашаган адамдар кыжырданып: «Түркия кайгуулунун өтүшү бомбалоо жана кыргындын башталышынан кабар берет», – деп жатышат. О.э. «кепил мамлекеттер» делген Россия менен Түркия ушул арамза кайгуул аракетин биргеликте алып барышууда.

Ушул көрүнүш жана окуялардан Шам калкын алдоо көздөлгөнү анык. Бул мамлекеттер Шам калкынын мээсине «кутулушуңарга аз калды, биз силер менен биргебиз, тилектешпиз, адашууңарга жол бербейбиз, Женева токтомдорун колдонуу аркылуу жакында бардык азап-кыйынчылыктарыңарга чекит коёбуз, биздин жардамыбыз менен жарык күндү көрүшүңөргө» деген пикирди куйушмакчы!

Бүгүн бул тил бириктирип жаткан мамлекеттер Шам калкына каршы ушундай аракет алып барышууда, бирок, Шам калкынын пикири, өзгөчө, алардын арасындагы акыйкатты карманган жана акыл жүргүзгөн адамдардын аң-сезими бул сыяктуу оюн жана пландарды аңдап жете турган даражада өсүп кеткенин унутушту же билбей жатышкан көрүнөт.

Элестетсек, альтернатива даяр болду, тил бириктирүүчүлөр Сирия маселесине чекит коюшту, жаңы малай издөө да аягына жетти… ко-ош, бийликке ким келет?! Шексиз, ушул козголоңдо эгилген жана козголоң учурунда өсүп, курман болгондордун каны менен суугарылган ыплас дарак – илманийлик – албетте ыплас мөмө берет. Т.а. Дамасктагы акыркы илманийлик коргонун сактап калуу үчүн душман менен соодалашып, ага сатылган козголоң дарагы ачуу-ыплас мөмө берет.

Демек, козголоң башталгандан бери ушул мамлекеттер саясий жана аскерий жактан ушул күнгө жетип келүү үчүн гана аракет кылышты. Арийне, бүгүн козголоңдун өткөөл доору эч кандай жаңжалсыз өтүүдө. О.э. бийликке «акыйдапарастардын» келишине жана Дамасктагы илманийлик сепилинин кулашына каршы сак турушту. Бул илманийлик сепили муундан-мунга өтүп келе жаткан жана кафирлердин кучагында өсүп, өнүгүп, жаңыдан эгилип, кийинки баскычка кайрадан илманий башкаруу формасында дагы улана турган нерсе.

Бул окуялар көп нерсени түшүндүрөт. Мисалы, берилген ушунча курмандыктарды текке кетирүүнү, шейиттердин канына кыянаттык кылууну, тебеленген намыстарды өч алуучу муътасимсиз калтырууну түшүндүрөт. О.э. Ислам мамлекетинин гүлдөгөн борбору болгон жана бүгүн залимдерге каршы козголоң көтөрүп, мусулмандарды зулумдан куткарууга аракет кылган өлкө кайра дагы илманий жана илманийлердин очогуна айланышы күтүлүп жатканын түшүндүрөт. Бул окуялар улам, караңгылыктагы залимдер адамдарды түрдүү азаптарга салышы, калыс адамдар азап-кыйынчылык кысымында калышы, Аллахтын буйругу колдонулбай, мусулмандардын байлыктары кузгундарга жем болушу, өлкө ондогон жылдардан бери адамдардын денесине сүлүктөй жабышып келген Батыш цивилизациясына жай болушу мүмкүн…

Ушул күтүлгөн окуялар деңиздин бир тамчысы гана. Эгер, козголоңчулар кудум козголоңдун соодагерлери менен малайларына окшоп кол куушуруп, кайдыгер карашса, ушундай болушу күтүлөт. О.э. эгер Уммат өз сөзүн айтууга токтом кылып, болгон үнү менен кыйкырып, сүкүт дубалдарын кыйратпаса, ушундай болушу мүмкүн.

Асад режими араң турат, кулатылышына бир аз калган жана бул айдан ачык. Альтернативага ээ калыс адамдар бул режимди кулатуу үчүн сокку беришинин өзү жетиштүү. Ушул сокку альтернативага жол ачат. Негизи, Хизб-ут-Тахрир бүткүл козголоңдун жакшы жана жаман, жай жана кыш жылдары тынымсыз баян кылып келген акыйкат да ушул.

Бул абал жана окуялар терең жана жаркын назар салуу керектигин далилдеди. Козголоңду башкарып жаткан көптөгөн жетекчилер исламий долбоорго ээ эмес бүгүнкү күндө Хизб-ут-Тахрир долбоорун кабыл алуу жана анын жетекчилиги астына кирүү шарт. Себеби, бул хизб ушул жолду көрүп турат, максатын жакшы түшүнүп, ушундай долбоорго ээ.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here