«Терроризм» – каршылаштарды жок кылуунун куралы

798
0

«Терроризм» – каршылаштарды жок кылуунун куралы

«SANA» маалымат агенттиги мындай кабар таратты: «Түркия өкмөтү тышкы иштер министрлигинин 249 кызматкерин камакка алуу жөнүндө ордер берди. Бул кызматкерлер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп айыпталууда. (…) Эрдоган режими өзүнүн саясий каршылаштарын четтетүү үчүн мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен пайдаланды. Бул учурда 10 миңдеген адам камакка алынды. Алардын арасында – аскерийлер, полиция, прокуратура кызматкерлери жана сот органдары, журналисттер, укук коргоочулар жана башка кесиптердин ээлери бар. Өлкөнүн мамлекеттик жана жеке секторунда 170 миңден ашуун Түрк жараны жумушунан айрылышты, ага кошумча 130 миң мамлекеттик кызматкер жана бюджеттик тармакта иштеген жумушчулар ишинен бошотулушту».

Эрдоган-Гүлен мамилесине токтоло кетсек, 2002-жылы Эрдоган партиясы бийликке жеткенден тартып, Гүлен жамааты аны колдоп баштаган. Өз кезегинде, Эрдоган өкмөтү да Гүлен жамаатын зор колдоого алган. Себеби, бул экөөнө карата АКШ талабы ошондой болгон. Анткени, бул америкачылдар бийликке келишине карабастан, дагы деле британиячылдар сот жана армияда таасирдүү болгон. Ошондуктан, Америка өзүнө караштуу Эрдоган менен Гүлендин кубатын бириктирип, аларды Британия таасирин жоюу үчүн ишке салган.

2010-жылкы референдумда Эрдогандын жеңип чыгышында Гүлен жамаатынын орду чоң болду. Ошон үчүн, референдумдан кийин, коопсуздук, сот жана прокуратура тармактарынан британиячыл кадрлар бошотулуп, алардын ордуна гуленчилер дайындалышты.

Мына ушундайча британиячылдар таасирин жоготкондон кийин, АКШ эми Эрдоган менен Гүлендин ортосунда өз ара күрөш жүрүшүнө жашыл чырак жагып койду. 2011-жылы Эрдоган айрым гуленчилерди шайлоо тизмесинен түшүрүп салып, коопсуздук жана сот мекемелериндеги кадрларын бошото баштады. Мунун каршысында, Гүлендин коопсуздук жана сот мекемелериндеги кадрлары Эрдоганга караштуу министрлерди, алардын балдарын коррупцияда айыптап, камактарга алышты. Бирок, Эрдоган ал гуленчилерди кызматтарынан кетирүүгө үлгүрдү жана алардын ордуна өз адамдарын алып келип койду.

2016-жылы британиячылдар аскерий төңкөрүш жасоого урунушту, бирок, ийгиликсиз чыкты. Эрдоган болсо төңкөрүш айыбын Гуленге жүктөп, анын жамаатын террористтик уюм деп тапты жана анын кадрларын британиячылдар менен бирге репрессия кылып баштады. О.э. башка мамлекеттерден да гуленчилерге каршы күрөшүүнү талаб кылды.

Негизи, Гүлен жамааты эч кандай төңкөрүш уюштурган эмес жана алар эч кандай террорист да эмес. Гүлен Ислам динин демократияга ылайыкташтырууга чакырат, демократиялык баалуулуктарды тан алат, яхудийлер менен конфессиялар аралык диалог болуш керек дейт жана аларды мусулмандар деп эсептейт. Халифалыкка аракет кылгандарды экстремист жана террорист дейт (эми ал жарлык өзүнүн да мойнуна келип илинди). Кыскасы, Гүлен Американын Исламга каршы идеологиялык күрөшүнө кызмат кылып келет.

Эрдоган деле Гулендей эле АКШ кызматкери, болгону, ыкмада эле айырмаланат. АКШ Гүленди идеологиялык күрөштө иштетсе, Эрдоганды саясий күрөштө колдонот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here