Улуу Рамазанда хижабга каршы күрөш күчөп жатат

545
0

Улуу Рамазанда хижабга каршы күрөш күчөп жатат

«arab.com.ua» сайты маалымдагандай, Франция парламентинин жогорку палатасы ата-энелер менен окуучулардын биргеликте сапарларга чыгууларында окуучулардын энелерине хижаб кийүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзам долбоорун консервативдик республикалык партия сунуштады, мыйзамды 186 депутат жактап, 159 депутат каршы добуш берди. Эми, бул мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн парламенттин төмөнкү палатасы аны жактырышы керек. Республикалык партиянын депутаты Жаклин Юсташ-Бринио айтышынча, бул мыйзам долбоору мектеп тарабынан уюштурулган сапарларда светскийликти жүзөгө чыгаруудагы юридикалык кемчиликти жоюуга жардам берет.

Эске салсак, Рамазан айы башталганда Россиядагы Пенза шаарынын 20дан ашуун мектебинде хижаб кийүүгө тыюу салынды. Бул токтом экстремисттик аракеттерге каршы турууга багытталган деп айтылды. Ал эми, Рамазандын 4-күнүндө Австрия парламенти мектептерде хижаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алганы белгилүү болду.

Бири светскийликти т.а. динсиздикти коргоп жатамын десе, бири экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүп жатамын дейт. Батыштыктар мына ушундай шылтоолор менен Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here