Сирия түрмөлөрүндөгү жырткыч кыйноолор

427
0

Сирия түрмөлөрүндөгү жырткыч кыйноолор

The New York Times гезити Сириядагы Асад режими түрмөлөрүндөгү кыйноолор жөнүндө макала жарыялады. Мурунку туткундардын жана алардын жакындарынын күбөлүктөрү негизинде даярдалган бул макалада айтылышынча, Сирия түрмөлөрүндөгү туткундар катуу сабалышат, зордукталышат, алардын буттарындагы тырмактарын жулуп алышат, жада калса, аларды тирүүлөй өрттөп жиберишет.

Юридикалык факультеттин мурунку студенти Муханнад Габбаш ушул түрмөлөрдө олтуруп чыккан, ал Асад режимине каршы тынч нааразылык акцияларында камакка алынган. Анын айтымында, түрмөдө аны бутунан асып, токко урдурушкан, башына курал такап опузалашкан. 12 күнгө созулган кыйноолордон кийин Габбашты «теракт жасоону даярдаган» деген жалган айыптоону моюнга алууга мажбурлашкан, андан кийин аны Дамасктагы авиабазадагы түрмөгө которушкан. Бул жерде да кыйноолор уланган: ага муздак суу куюп, аны жана башка туткундарды ит сыяктуу үрүүгө, эшектин үнүн чыгарууга мажбурлашкан, буга моюн сунбагандарды катуу сабашкан, кээ бирлерин зордукташкан. Андан тышкары, Габбаштын бутундагы тырмактарын жулуп алышкан. Габбаш түрмөдө болгон кезде оорулардан жана катуу кыйноолордон улам ар айда ондой адам набыт болуп турган. 19 айдан кийин Габбаш айласын таап түрмөдөн чыккан.

Асад түрмөлөрүнүн дагы бир мурунку туткундарынын бири Мариам Хлейф гезитке маалымдагандай, ал «террористтерге колдоо көрсөткөн» деген айып менен камакка алынган. Акыйкатта болсо, Мариам демонстрацияларда жаракат алгандарга жардам берген, дары-дармек жеткирип турган. Мариам туткундукта болгондо зордукталган.

SNHR уюмунун маалыматына ылайык, козголоң башталгандан бери Сирия түрмөлөрүндөгү кыйноолордон улам 14 000 адам көз жумган, дагы 128 000 туткундун дайыны белгисиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here