Эгемендүү мамлекет өзүнүн иштерине башка малекеттердин аралашуусуна ыраазы болбойт

522
0

Эгемендүү мамлекет өзүнүн иштерине башка малекеттердин аралашуусуна ыраазы болбойт

«Ал-Фажр» сайты хижрий 1440-жылы 17-шаъбан, миладий 2019-жылы 23-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«АКШ мамкатчысынын Африка маселелери боюнча жардамчысы Макила Жеймс баса белгилешинче, ал Судандагы Өткөөл Аскерий Кеңеши менен өткөргөн жолугушууда жарандык өкмөт жана аны жакын убакыт ичинде түзүү маселесине токтолуп өткөн.

Ал Судандагы Өткөөл Аскерий Кеңеш менен өткөргөн сүйлөшүүлөрү конструктивдүү болгонун, Америка келерки баскычта Кеңеш менен сүйлөшүү алып барууну улантышын баса белгиледи.

Судан Өткөөл Аскерий Кеңешинин төрагасы АКШ Мамлекеттик департаментинин делегациясы менен Судандагы абал жана келерки баскычта эки мамлекет ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулады».

О.э. «Явмус-сабеъ» сайты хижрий 1440-жылы 11-шаъбан, миладий 2019-жылы 17-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Британиянын Судандагы элчиси Арафат Садык анын мамлекети Судан бийлиги тез убакыт ичинде жарандык башкарууга өтүшүн колдоп-кубаттады жана келерки баскычта Судан үчүн эң жакшы башкаруу жарандык башкаруу экенин баса белгиледи».

Роя гезити:

Өз өзүнөн табигый суроо туулат: эмне үчүн чет элдиктердин өлкөбүздүн ишине аралашуусуна жол берилүүдө?! Судан же башка мусулман өлкөлөрү Америка, Британия жана башка ири мамлекеттердин ички иштерине аралашып жатабы?! Алардын аралашууларына бул ири мамлекеттер жол коюшабы?! Мисалы, Трамп жана Америка калкына каршы анын зордукчул чаралары туурасындагы талкуу-тартышууларга Судан аралашабы?! Эмне үчүн судандык чиновниктер Америкадагы оппозиция менен жолугушпайт, аларды Трампты жана залим капиталисттик түзүмдү кулатууга үгүттөшпөйт?! Биз 2011-жылы америкалыктардын Уолл-Стритеги ири өлчөмдөгү каражатты өздөштүргөндөргө каршы өткөргөн нааразылык демонстрацияларына судандык чиновниктердин аралашканын эмне үчүн көрбөдүк?! Эй Судан Аскерий Кеңеши, америкалык чиновниктердин өлкөбүздүн ишине аралашуусу силердин алсыздыгыңар жана аларга кордолуп, чөгөлөп моюн сунуп жатканыңардын белгиси эмеспи?!

Демек, Аскерий Кеңештин Уммат тарабында турат деген сөздөр жалган… жарандык өкмөттү түзүүгө чакырып жаткан, колонизаторлор менен жолугушууга ыраазы болуп жаткан кимселердин да Уммат тарапкери экенине ишеним жок. Тескерисинче, алар тигил чет элдиктерди өлкөдөн чыгарып жиберүүсү керек эле. О.э. алардын биздин ишибизге мурдун тыгууларына жана өлкөбүздөгү бирер адам менен жолугушууларына жол бербеши керек эле. Мына, АКШ жетекчиси Трамп 2018-жылы 8-декабрдагы «сары кемселчендердин» нааразылык демонстрациялары артынан Твиттерде Франция иштерине аралашкан, ошол замат Франция жооп кайтарды. Франция өзүнүн тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан аркылуу Трампка мындай деди: «Менин Дональд Трампка айтоор сөзүм ушул, биз Американын мындай талкуу-тартышуусунда катышуучу тарап эмеспиз, бизди өз жашообуз менен жашашыбызга жөн койгула. Биз Американын ички саясатын эсеп-китеп кылбай жатабыз жана бизге карата да кудум ушундай кылышыңарды каалайбыз». Трамп ошол билдирүүдөн бери Франциядагы нааразылыктар жөнүндө дале ооз ачкан жок, Америка бул ишке ачык-ашкере аралаша албай жатат. Бизде да ушундай эгемендүү позиция барбы, деги, биз Франциядан күчтүүбүз го?! Деги, Аллах Таала бизди динибиз менен азиз-күчтүү кылды го?! Тарыхыбыз ушундай улуу позициялар менен толо го, Судан акимдери да, демонстранттарыбыз да аны үлгү кылып алышкан жок! Ооба, эгемендүү мамлекет өзүнүн иштерине башка мамлекеттердин аралашуусуна жол койбойт. Ушундай эмеспи, эй Аскерий Кеңештин мүчөлөрү жана демонстранттар, өзгөчө, анын жетекчилери?!

Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here