«Апельсин агенти» деген нерсе Американын кара тарыхын эч качан өчүрө албайт
«Ал-Жазира» сайты хижрий 1440-жылы 14-шаъбан, миладий 2019-жылы 20-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Бүгүн, ишемби күнү Кошмо Штаттар маалымдашынча, АКШ армиясы Вьетнам согушунда колдонгон «апельсин агенти» деген уу зат сакталган аскерий складды тазалоо кампаниясы башталган, ага кеткен каражат 183 миллион долларды түзөт.
Белгилүү болгондой, америкалыктар «апельсин агенти» затын Вьетнам согушунда колдонушкан, бул нерсе майып балдардын төрөлүшү, рак оорусу жана майыптыктын дагы эле уланышына себеп болуп келүүдө.
Америка 1962-1971-жылдары Вьетнамдын түштүк бөлүгүнө 80 миллион литр «апельсин агентин» чачкан. Америка бак жалбырактарын куураткан бул гербицидди коммунист согушкерлерди жашынып жаткан жайларынан качып чыгууга мажбурлоо жана азык-түлүктөн куру калтыруу максатында колдонгон. Бирок, анын бул аракети ийгиликсиз болгон».
Роя гезити:
Мына, адамзаттын сөөгүнүн үстүнө курулган Америка мамлекетинин кара тарыхы. Түпкү эл болгон кызыл түстүүлөрдү массалык түрдө өлтүрүүлөрдү, Японияда атом бомбасын колдонууну, Вьетнамда массалык кыргындарды, кийин самолёттор, танктар, суу асты кемелери, авианосецтер жана күчтүү курал-жарактар жардамында Афганистан, Ирак, Шам жана Яманда Ислам Умматын массалык түрдө өлтүрүүнү, а түгүл жакында Афганистанда эң чоң бомбаны колдонууну ушул мамлекет жасады. Амкрика бул кылмыштарды мусулман өклөлөрүндөгү саткын жана малай акимдердин жардамы менен ишке ашырды. Өзгөчө, Америка канкорлукта андан калышпаган Россия мамлекетинен Шам калкын кыргын кылууда жана козголоңдорун бастырууда жардам алды.
Америка бүтүндөй адамзатка, өзгөчө, Ислам Умматына каршы мына ушундай кылмыштарынын тарыхын «гуманитардык» жардамдар аркылуу, БУУ сыяктуу ага караштуу уюмдар аркылуу өчүрө алам деп ойлоп жаткан болсо, катуу адашат. Бул уюмдар Американын ушул кылмыштарын, алардын үрөй учурган акыбеттерин жашыруу үчүн түзүлгөн. Бүгүн бул уюмдар зыян көргөн аймактардын калкына дары-дармек жана азык-түлүк берүү менен бирге намыска кол салуу жана балдарды эксплуатация кылуу аракеттерин жасап жатканы ачыкка чыгып, чыныгы жүздөрү көрүнүп калды.
Адамзат мындай кылмыштары үчүн Американы эч качан унутпайт. Ислам Умматы да андан эсеп суроого даярданып турат. Мына, Уммат массалык кыргын, талап-тоноо жана Аллах түшүрбөгөн нерселер менен өкүм жүргүзүү сыяктуу башына түшкөн зулумдан кутулуу үчүн жер жүзүнүн чыгыш-батышында баш көтөрдү. Умматтагы бул аракет, Аллахтын уруксаты менен, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө алып барат. Ушул Халифлык Американы жасаган бардык кылмыштары үчүн жоопко тартат, анын жана башка колонизатор мамлекеттердин жырткычтыгынан бүткүл дүйнөнү куткарат о.э. адилеттик кылуучу, адамдын аброю жана даражасын коргоочу Исламды жаят.
Роя гезити, №232, 2019-жыл, 30-апрель.