Муслима аялдардын катышуусундагы сулуулук конкурсунун тафсилаты

652
0

Муслима аялдардын катышуусундагы сулуулук конкурсунун тафсилаты

 Россиянын AsJUST.ru  сайты кабарлагандай, аялдар ким болушуна карабастан дүйнөдөгү назик жандар болуп эсептелишет жана бактылуу жашоого, дүйнө ырахаттарынан пайдаланууга акылуу.

Ушуга ылайык, сайт мусулман аялдар арасында болуп өткөн сулуулук конкурсун төмөнкүдөй сүрөттөйт:

“Муслима аялдардын катышуусунда  өткөрүлгөн сулуулук конкурсу дүйнөдө өткөрүлүп жаткан ушул сыяктуу конкурстардан бүтүндөй айырмаланат. Бул жерде ич кийимдин (купальник)  ордуна хижаб, бийлөө, ырдоо жана башкалардын ордуна диний талкуулар болот. Конкурстун финалдык баскычына даярдануу жараянында катышуучулар таң эрте туруп намаз окушат, андан соң жасанып-түзөнүп, конкурстун шарттарына даярдык көрүшөт. Муслима сулуулар ортосунда ар түрдүү кесип ээлери – инженерлер, докторлор, мугалимдер бар”.

Эске сала кетсек,«Дүйнөнүн муслима сулуусу» (Miss World Muslimah) —   конкурсу жыл сайын Индонезияда болуп өтөт. Кыз-келиндер бул мелдеште социалдык суроолорго жооп беришет о.э. диний маселелер боюнча пикир алмашышат.

Бул конкурстун калыстары мусулман дүйнөсүндөгү белгилүү адамдардан белгиленет.

“Конкурстан көздөлгөн максат,  Ислам  дүйнөсүндөгү кыз-келиндердин сулуулук жана жүрүш-турушун,  мамиле, кийинүү адептерин дүйнөгө таанытуу”, – деп айтылат кабарда.

20 катышуучунун арасынан бир нече жеңүүчүлөр аныкталат. Жеңүүчүлөр – баш байге, экинчи, үчүнчү орундар, Куранды эң чырайлуу окуган кыз, эң жөндөмдүү катышуучу номинациялары боюнча аныкталат.

Баш байге – Меккеге, Хаж сапарына жолдомо.

Комментарий:

Астагфируллах. Кандай гана төмөндүк! Куфр дүйнөсү шылдыңдап, маскара кылса, намсыбызды тебелесе да, байкабай, алданып жашай беребизби?

 “Аялдар кулагы менен сүйөт”, – деген сөз муслима аялга карата да колдонула баштадыбы?! Муслима аял шааниси, сыймыгы тебеленишине жол бербеши керек. Ислам муслима аялдын даражасын жогору көтөрдү. Кантип эле куфрони неъмат кылабыз?!

Бизге мындайдын кереги жок!

Аллахка ант болсун, аял киши азиздик, сыймык жана улуулукка Исламда гана жетишкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бул кафир өлкөлөрдө аял киши жаш жана сулуу кезинде анын жаштыгы жана сулуулугунан пайдаланышат, дене түзүлүшүнөн ырахат алышат. Ал эми жашы өткөн соң ага керексиз  буюмдай мамиле кылынат.

Исламда аял киши сакталышы важиб болгон намыс болуп эсептелет.

   Ал тургай шаръий  билим алуу, билим берүү да белгилүү коидалар негизинде тартипке салынган.

 Жогорудагы конкурстар Ислам баалуулуктарына бүтүндөй тескери. Себеби, намахрамдар арасында жамалын, дене түзүлүшүн көрсөтүү Шарият өкүмдөрүнө туура келбейт. Бул сыяктуу батыштык ыкмадагы демилгелер, Шарият белгилеген нормаларды бузуп, муслима аялды хижабчан рекламага айландырууну көздөп жатат.

 Ар кандай жолуккан нерсени жакшылык катары кабыл алуу өтө чоң ката болуп эсептелет. Мусулман ойгоо, сак болушу керек!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here