Иран жана ядердик келишим

458
0

Иран жана ядердик келишим

Шаршемби күнү Иран президенти Хасан Рухани: «Эгер, дүйнөлүк державалар Ирандын кызыкчылыктарын Америка санкцияларынан коргобосо, Иран уранды жогорку деңгээлге чейин байытуу иштерин жандантат», – деп билдирүү берди. Рухани дагы мындай дейт: «[Иран ядердик] келишимдин калган катышуучулары – Британия, Франция, Германия, Кытай, Россия – Ирандын нефть жана банк тармагына колдоо көрсөтүү жөнүндөгү убаданы аткаруулары үчүн 60 күн бар».

Белгилей кетсек, 2015-жылы Обама башкаруусунун доорунда Иран менен мамлекеттер тобу (АКШ, Британия, Франция, Германия, Кытай, Россия) ортосунда Иран ядердик программасы боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, Иранга каршы киргизилген санкцияларды бекер кылуунун акысына Иран өзүнүн ядердик программасын чектөө милдетин алган. Бирок, 2018-жылга келип Трамп АКШ бул келишимден чыгарын жана Иранга каршы жаңы санкцияларды колдонорун жарыялады.

Бул келишимдин жокко чыгышынан эки тарап: Иран жана Европа мамлекеттери зыян тарта баштады. Иранды санкциялар эзип жатса, Европа мамлекеттери 2015-жылы бул келишимге кол коюлгандан кийин Ирандагы ар кандай долбоорлорго миллиарддаган доллар инвестиция жаткарышкан, эми бул  инвестициялардын үзүрүн эмес, сокур тыйынын да көрбөй жатат.

Окуяларды, эл аралык саясатты күзөткөн адамдар үчүн Иран Американын региондогу малайы экени сыр эмес. Ошентсе да, мындай суроо туулат: Эмне үчүн АКШ Обама доорунда бул ядердик келишимдин түзүлүшүнө катуу аракет кылып, Трамп доорунда бул келишимден чыгып жатат?

2011-жылы араб өлкөлөрүндө Батыш күтпөгөн «Араб жазы» козголоңдору башталды. Америка жана башка колонизатор өлкөлөр Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы өз майлаларын (мусулман акимдерин) жана режимдерди (демократиялык системаны) коргоо аракетине түшүштү. 2008-жылдагы дүйнөлүк финансылык кристен дагы эле өзүнө келе албаган, о.э. Ирак жана  Афганистанда баткакка малынган Америка Сирияда жалындаган козголоңду басууга чамасы жетпей, өзүнүн малайы Ирандын кызматына муктаж болду. Ошондуктан, Америка колу санкциялар менен кишенделген Ирандын эркин аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн жогорудагы ядердик келишимди ойлоп таап, Иранга каршы санкцияларды бекер кылууга өттү. Ал эми, Иран Сириядагы Америка малайы Башар Асадды коргоп берди.

Бүгүн болсо, абал өзгөрдү, Башар Асад режими кайра кубатка толуп, анын кулоо коркунучу жоголду. О.э. Түркияда Эрдоган ага каршы уюштурулган төңкөрүштү шылтоолоп, каршылаштарын репрессия кылып өз бийлигин бекем алды. Мисирде да Сиси 2011-жылдагы козголоңдун акыбеттерин жоюп өз бийлигин бекемдеди. Ал эми, Саудияда америкачыл Салман ибн Абдулазиз бийликке келди. Эрдоган, Сиси, Салман – баары Америка малайлары. Алар да региондо Америка кызматын аткарууга шайма-шай. Мындан улам, учурда Америка үчүн Ирандын кызматына муктаждык азайып барат, ошондуктан ал Ирандын ролун кыскартып чектеп жатат, башкача айтканда мурунку абалына кайтарууда. Американын саясаты ушундай, ал абалга жараша өзүнүн малайларынын «ыйгарым укуктарын», ролдорун, вазыйпаларын кээде кыскартып, кээде узартып турат. Учурда АКШ Ирандан Европа, Россия, Кытайдын таасирлерин бүтүндөй жоготуп, Иранга жеке кожоюн болмокчу. Ал эми Иран жетекчилери “кур дүрмөт атып коюп”, Американын бардык талаптарына моюн сунуп барууда.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here