Сергей Лавров Өзбекстанга барат

301
0

Сергей Лавров Өзбекстанга барат

Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги: “2019-жылдын 2-майында Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапар менен Өзбекстанга келет”, – деп кабарлады .

Кабарда келишинче, РФ тышкы иштер министрин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алат.

Сапардын программасы боюнча Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлөт жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда түзүлгөн Өзбекстан-Россия келишимдерин ишке ашыруу жараяны талкууланат.

Тараптар эл аралык маселелер, региондо коопсуздукту камсыздоо маселелери, анын ичинде, Афганистандагы тынчтык жараяндарын баштоого жардамдашуу маселеси боюнча пикир алмашылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here