Пентагон: “Бир алкак – бир жол” долбоору Кытайга чет өлкөдөгү аскерий базаларын көбөйтүү үчүн керек

356
0

Пентагон: “Бир алкак – бир жол” долбоору Кытайга чет өлкөдөгү аскерий базаларын көбөйтүү үчүн керек

 Пентагондун докладында: “Кытай “Бир алкак – бир жол” сыяктуу долбоорлор аркылуу чет өлкөлөрдө аскерий базаларынын санын көбөйтүүнү көздөп жатат”, – деп айтылат. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады. 

Докладдын авторлору: “Кытай жетекчилери өсүп бара жаткан экономикалык, дипломатиялык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүнөн, региондо үстөмдүк орнотуу жанан мамлекеттин эл аралык таасирин кеңейтүү жолунда пайдаланууда”, – деген пикирди билдиришкен.

 Алар: “Кытайдын “Бир алкак – бир жол” сыяктуу долбоорлорду көтөрүп чыгышы, бул долбоорлордун коопсуздугун камсыздоо шылтоосунда чет өлкөдө аскерий базаларды көбөйтүү зарылдыгына алып барышы мүмкүн”, – деп баса белгилешкен.

О.э. Пентагон Кытай достук мамиле орноткон жана стратегиялык кызыкчылыктары окшош болгон Пакистан сыяктуу мамлекеттерде да кошумча аскерий базаларды ачууга умтулушун билдирген.

 АКШ Пекинди коопсуздук жана аскерий тармакта өзүнүн стратегиялык максаттарын ишке ашыруу үчүн АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү ЖМК, бизнес чөйрө, академиктер жана саясий чөйрөлөр о.э. эл аралык институттарга таасир өткөрүү боюнча операцияларды өткөрүп жаткандыкта айыптады.

 “Бир алкак – бир жол” концепциясы – бул Борбор Азия, Европа жана Африкадагы 60тан ашык өлкөнү бириктирүүчү жаңы соода-транспорт коридорун түзүү жана эскилерин реконструкциялоо боюнча Кытай тараптан сунушталган эл аралык демилге. Бул долбоор аталган өлкөлөрдүн Кытай менен соода алакасын өнүктүрүүгө жардам бериши керек.

 “Жибек жолу экономикалык алкагын” калыбына келтирүү идеясын Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин көтөрүп чыккан жана бул тууралуу алгачкы жолу 2013-жылдын сентябрь айында Казакстанга расмий сапары учурунда билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here