АКШ менен “Талибан” аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча келишим түзөт

613
0

АКШ менен Талибан” аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча келишим түзөт

АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад башчылыгындагы делегация “Талибан” кыймылы менен Афганистандан Америка аскерлерин алып чыгып кетүү боюнча келишим түзүү үчүн Катарда кезектеги сүйлөшүүлөрдү баштайт. Бул тууралуу “Талибан” кыймылынын маалымат кызматы кабарлады.

Кабарда келишинче, Халилзад “Талибан”дын саясий кеңсесинин жетекчиси Абдул Гани Барадар менен жолугушкан, алар Афганистан проблемасын тынчтык жолу менен чечүү боюнча пикир алмашышкан.

Катар өкмөтү Дохада жаңы сүйлөшүүлөр болорун азырынча тастыктай элек.  

Америка делегациясы менен “Талибан”дын ортосунда март айында сүйлөшүүлөр болуп өтүп, анда тараптар сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун билдиришкен. А бирок, анда Афганистандан АКШ аскерлерин алып чыгып кетүү боюнча келишимге жетишилген эмес.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here