Сергей Лавров Өзбекстанга барат
Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги: “2019-жылдын 2-майында Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапар менен Өзбекстанга келет”, – деп кабарлады .
Кабарда келишинче, РФ тышкы иштер министрин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кабыл алат.
Сапардын программасы боюнча Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлөт жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда түзүлгөн Өзбекстан-Россия келишимдерин ишке ашыруу жараяны талкууланат.
Тараптар эл аралык маселелер, региондо коопсуздукту камсыздоо маселелери, анын ичинде, Афганистандагы тынчтык жараяндарын баштоого жардамдашуу маселеси боюнча пикир алмашылат.