Украина чын эле эркинби?

318
0

Украина чын эле эркинби?

2014-жылдагы окуялардан кийин Украинада Батыштын таасири бекем орношту. Мунун тушунда Россия Крым жарым аралын басып алды жана Украинанын чыгыш региондорунда сепаратисттерди түздөн-түз колдой баштады. Бүгүнкү күнгө чейин Украинанын чыгышында согуш токтой элек. Бул согушта он миңден ашуун адам набыт болгону айтылууда.

21-апрелде Украинада президенттик шайлоолор өтүп, Владимир Зеленский жеңип чыкты. Зеленский шайлоодо утуп чыгары менен деомкратия жаатында постсоветтик өлкөлөрдү Украинадан үлгү алууга чакырды. Негизи, ал АКШ каалоосу менен келди б.а. Америка элдин ишениминен кеткен кадрын кетирип, ордуна дагы бир кык этпей баш ийүүчү адамын алып келип койду. Украина мамлекеттин тышкы саясатында, өзгөчө Украинанын чыгышындагы  согушту жайгарууда АКШга өтө көз каранды. Украинанын чыгышындагы согуш Американын таасири себептүү токтобой келет. Америка Россияга проблема жаратуу үчүн Украинанын чыгышындагы согушту токтотпостон алоолонтуп турууга умтулууда.

Ал эми, туңгуюкка кептелген Россия бул жаңжалды токтотууга жол издеп жатат. 27-апрелде Россия президенти Путин Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский менен Украинанын чыгышындагы жаңжалды талкуулоону кааларын билдирди жана украиналыктар бул кырдаалдан «чарчашты» деп кошумчалады. Жооп катары Зеленский «Донбасс жана Крымды басып алуу толук токтотулгандан кийин гана» Украина менен Россиянын ортосундагы мамилелер нормалдашуусу мүмкүн деп баса белгиледи. Донбасстагы согуш бир жаңсыл чечилсе да (Америка бул нерсеге жол бербөөгө умтулат), бирок Россия Крымды Украинага кайтарып бербейт. Ал эми, Америка Крымды шылтоолоп Украина жетекчилерин Россияга каршы конфронтацияга, провокацияга тукурууну улантат.

Ички саясаттан алганда, украина эли согуштан жана оор экономикалык кырдаалдан тажаганы үчүн Зеленскийге добуш берди. Порошенко бул эки проблеманы чече алган жок, өзгөчө согуш проблемасын чечишине жол беришпеди. Себеби, жогоруда айтылгандай, Америка Украинанын чыгышында согушту курчутууга умтулат, бул жаңжал аркылуу Россияга туруктуу проблема жаратып турууну көздөйт. Зеленский «Донбасс жана Крымды басып алуу толук токтотулгандан кийин гана» деген сөздөрү менен ушул багытта бара жатканын ырастоодо. Ал эми, согуш үлкөн каражаттарды талап кылат жана экономиканын өнүгүүсүнө жолтоо болот. Андан тышкары, Эл аралык Валюта Фондунун кредиттери жана реформа жаатындагы талаптары Украинаны кекиртектен алууда. Тынчтык да жок, өнүгүү да жок.

Бүгүнкү мамлекеттерди капиталисттик пикирлер: кызыкчылык, пайда, эгоизм аракетке келтирүүдө. Америкага да, Россияга да Донбасста канча украиналык өлүп жаткан маанилүү эмес, алар үчүн өзүлөрүнүн кызыкчылыгы биринчи орунда турат.

Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here