Россия жарандыгы Украинанын бардык жарандарына жеңилдетилген тартипте берилиши мүмкүн

358
0

Россия жарандыгы Украинанын бардык жарандарына жеңилдетилген тартипте берилиши мүмкүн

Россия президенти Владимир Путин маалымдагандай, келечекте Россия жарандыгы Украинанын бардык жарандарына жеңилдетилген тартипте бериле башташы мүмкүн.

Бул тууралуу, Россия президенти Кытайга сапарынын жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирген.

“Биз Луганск жана Донецктин жарандарына эле эмес, бардык Украина жарандарына жеңилдетилген тартипте жарандык берүү жөнүндө ойлонуп жатабыз”, – деди Россия президенти.

24-апрелде Россия президенти Владимир Путин Донбасс калкына Россия паспортун жеңилдетилген тартипте берүү жөнүндөгү буйрукка кол койду.

“Россия жарандыгы жөнүндөгү” №62-Федералдык мыйзамдын 8-беренесине ылайык, Украинанын Донецк жана Луганск облсутарынын тургундарына Россия жарандыгын алуунун жеңилдетилген тартиби орнотулсун,”, – деп айтылат документте.

Кабарда келишинче, бул токтом эл аралык укук-нормаларга ылайык  келет жана адамдын укук жана эркиндиктерин коргоо негизинде кабыл алынган.

Путиндин бул буйругун Украинанын учурдагы президенти Петр Порошенко жана президенттик шайлоодо утуп чыккан Владимир Зеленский каралады.

Өткөн жылдын ноябрь айында Украина өз аймагына Россиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки жарандарынын кирүүсүнө тыюу салган эле. Буга жооп иретинде Россия эч кандай чектөө киргизбестигин, тескерисинче Украина жарандары үчүн Россия жарандыгын алуу жараянын жеңилдетишин жарыя кылган.

Учурда Россияда бир миллиондон ашуун украиналык бар. Алардын көпчүлүгү Украинанын чыгыш аймагынан келген жарандар.

Алар Россия аймагында патент алуу менен жашап келишет, 77 миң адам “убактылуу качкын” макамына ээ.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here