Америкалык жаран мусулмандарды унаасы менен тебеледи
«Анадолу» агенттиги маалымдашынча, 34 жаштагы Исайя Жоэль Пиплс жөө жүргүнчүлөрдү унаасы менен уруп кетти, анткени, Пиплс аларды мусулман деп ойлогон. Калифорния штатынын полициясы 23-апрелде өз унаасы менен адамдарды сүзүп кеткен айдоочунун максатын ачыктады. Америка маалымат каражаттары кабарлагандай, Исайя Жоэль Пиплс жөө адамдарды – мусулман деп ойлогону үчүн – унаасы менен сүзгөн. Окуя Санта-Клара округунун Саннивейл шаарында болду.
Саннивейл шаар полициясынын шефи Пхан Нго айтат: «Жаңы далилдер ушул нерсени көрсөтүүдө, айыпталуучу жабыркаган адамдардын артынан түшүп кубалаган, себеби ал аларды мусулмандар деп ойлогон». Күбөлөрдүн айтымында, Пиплс адамдарды унаасы менен коюп кеткенден кийин бир нече ирет: «Ийсага даңк, Ийсага даңк», – деген. Акыбетте, курагы 9 жаштан 52 жашка чейинки жабыркаган адамдардын төртөөсү ооруканага жаткырылды, алардын арасында аялдар жана жаш балдар бар. 13 жаштагы кыздын абалы өтө оор деп айтылууда.
Полиция маалымдагандай, Исайя Жоэль Пиплс 2005-2006-жылдары Иракта кызмат өтөгөн жана снайпер болгон. Бул окуяга чейин ал АКШ коргоо министрлигинин финансылык инспектору болуп иштеген.
Албетте, бул окуя батыштыктар назарында терроризм деп саналбайт. Анткени, бүгүнкү күндө терроризмдин ченеми – Ислам дини, башкача айтканда, мындай окуяларга мусулман адам тиешелүү болуп чыкса, ал окуя терроризм болуп калат, башка бирөө жасаса, ал катардагы кылмыш эсептелет. Адамдардын мусулмандарга карата мындай кылмыштарга барышы колонизатор кафирлердин, аларга малай бийликтердин, маалымат каражаттарынын үгүттөрүнө байланыштуу. Алар мусулмандарды мокочо кылып көрсөтүүдө. Себеби, элди өздөрү каалагандай башкаруу үчүн жана аларды жашоодогу оор абалдан чалгытуу үчүн, коомго коркунуч туудуруп турган «душман» зарыл. Андан да маанилүүсү, кафирлер Исламда капитализмдин зулумунан алып чыга турган альтернативаны көрүшүүдө жана бул нур адамдарга жетип барышын каалабай жатат.
Абдулхак.