Судандагы козголоңчу жаштар мамлекеттик төңкөрүш жасаган аскерийлерге караганда аң-сезимдүү

318
0

Судандагы козголоңчу жаштар мамлекеттик төңкөрүш жасаган аскерийлерге караганда аң-сезимдүү

Ибрахим Усман Абу Халил Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү

Судан козголоңчуларынын төрт айдан бери улантып жаткан аракеттери 2019-жылы 6-апрель күнү куралдуу күчтөрдүн башкы командачылыгы алдында башталган демонстрация менен дагы да күч алды. Анткени, бул күн (6-апрель) Судан калкы үчүн өзгөчө символдук күн болуп эсептелет. Себеби, 1985-жылы ушул күндө жүз берген козголоң Жаъфар Намирий режимин кулаткан. Бүгүн болсо режим козголоңчулардын көптүгүнөн эсин жоготуп койду. Режимдин коопсуздук кызматы козголоңчуларды таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду, ал тургай, ок атып демонсранттарды бастырмакчы да болду, бирок, козголоңчулар бекем туруп, Башир режимин алсыз абалга салып коюшту. Мына ошондо чыныгы акимдерден (т.а. америкалыктардан) тезинен чечим алуу зарылдыгы жаралды. Натыйжада, 2019-жылы 11-апрелде мамлекетте аскерий төңкөрүш жасалганы жарыяланды, аскерийлер бийликти колго алышты. Төңкөрүш Коргоо министри генерал-лейтенант Аваз ибн Афв жетекчилигинде ишке ашырылды. Коргоо министри Авф тарабынан төңкөрүш жарыя кылынганына келсек, америкалыктар баамдашкандай, козголоңчулар аларга каршы ар кандай төңкөрүштү четке кагышат. Ошондуктан алар «Судандагы башкаруу тизгини аскерий кеңештин төрагасы генерал-лейтенант Абдулфаттах Бурхан колуна өтүшү керек. Бул үчүн Ибн Афв төңкөрүштү жарыялайт. Табигый болгондой, бул кимсеге адамдар ыраазы болбойт жана ал бийликти Бурханга тапшырат» деген сценарийди иштеп чыгышты. Бул сценарийдин тастыктап турган жайгдай – «Скай Ньюс арабийя» телеканалы 2019-жылы 11-апрель күнү армиянын билдирүүсүн эфирге берүүдөн мурда ушул кабарды атартты: «Судандык булактар «Скай Ньюс арабийя» каналына маалымдашкандай, куралдуу күчтөр бир аздан кийин телевидение аркылуу көрсөтүлө турган билдирүүнү тасмага жазып бүтүшкөн. Бүткүл Хартумда аскерийлер жайылды, президент Умар Баширдин иштен алынганы туурасында сөздөр пайда болду. Билдирүүнү Судан кургактык күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Абдулфаттах Бурхан жарыялашы күтүлүүдө. Ал Умму Дурманда жайгашкан мамлекеттик телестудиясына барды». Козголоңчулар Аваз ибн Афвдын тасмага жазылган билдирүүсүнө каршылык билдиришти. Себеби, козголоңчулар Ибн Афвты Башир режиминин бир бөлүгү деп эсептешет. Бул нерсе мамлекеттик төңкөрүштүн эртеси күнү 2019-жылы 12-апрелде Ибн Афвды аскерий кеңештин жетекчилигинен, анын орун басары Абдулмаъруфту кызматынан баш тартууга мажбур кылды жана Абдулфаттах Бурхан Кеңештин төрагасы болгону жарыяланды. Кийин Ибн Афв кеңештин жетекчилигин тапшырып жатып кеңештин армия Башкы командачылыгынан түзүлгөн жаңы мүчөлөрүнүн ысымдарын жарыялады. Андан тышкары, Коопсуздук жана разведка кызматынын төрагасынын орун басарын жана полиция башчысын ысымдарын жарыя кылды. О.э. ыкчам күчтөр командачысы Хамидатий аскерий кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Бурхан козголоңчуларды басаңдатуу өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Белгилүү болгондой, мурдагы төрага Ибн Афв да өзгөчө кырдаалды жарыялаган, бирок козголоңчулар режимди бузган жана амал кылышпаган эле. О.э. Бурхан эки жылдык өткөөл доорунда «күчтүү» жарандык башкарууга негиз салышын билдирди. Бул арада Коопсуздук жана разведка кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Салак Куш отставкага кетти жана кеңештин төрагасы анын отставкасын кабыл алды.

Бул сценарий Америка тарабынан иштелип чыкканына келсек, мунун тастыгы ушул – күбөлөр АКШнын Хартумдагы убактылуу өкүлү Стивен Кутсисти куралдуу күчтөр башкы башкармалыгынын имараты алдында көп ирет көрүшкөн. Судан аскерий кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-лейтанант Мухаммад Хамдан Даклу (Хамидатий) 2019-жылы 14-апрель күнү президенттик сарайда Кутсис менен жолугушуп, мамлекеттеги абал жана окуялар жараяны туурасында аны кабардар кылды. Бүгүн Хартумдагы президенттик сарай чыгарган билдирүүдө Даклу Судандагы окуялар өнүгүүсү жана Аскерий өткөөл доор кеңешин түзүү себептери жөнүндө, мамлекеттин коопсуздугун жана туруктуулугун сактоо иш-чаралары туурасында Кутсисти кабардар кылганы айтылды. «АКШнын убактылуу өкүлү Судан коопсуздук кеңешинин мамлекеттин коопсуздугун жана туруктуулугун сактоо жаатындагы аракеттерин алкыштады, Судан-АКШ мамилелерин бекемдөө үчүн Вашингтон менен Хартум ортосундагы кызматташтыкты улантуу зарылдыгын баса белгиледи», – деп кошумчаланат билдирүүдө. («CNN Arabic-Аmerica»).

Андан тышкары, «Халиж онлайн» 2019-жылы 12-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «АКШ Мамлекеттик департаменти Судандагы окуяны мамлекеттик төңкөрүш деп түшүндүрмө берүүнү каалабады. Бирок, бул өлкөдөгү демократияны жана тынчтыкты колдоп-кубатташын, Судан калкына сунушталган өткөөл доор эки жылдан азыраак болушу керек деген пикирде экенин маалымдады». АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Полладино басма сөз конференциясында: «Келечекте ким жетекчи болушун Судан калкы белгилеши керек», – деди. Кийин ал: «Судан калкы бул өткөөл доор жарандык жетекчиликке колунда болушун талап кылууда жана бул доор эки жылдан азыраак болушун каалайт», – деп кошумчалады. Демек, мындан ушул эки жылдык өткөөл доор Америка тарабынан белгиленгендиги көрүнүп турат.

Европа, өзгөчө, Британияга келсек, ал Америка козголоңго каршы мамлекеттик төңкөрүш жасаганын, эски режимди жаңы адамдар менен алмаштырууга урунуп жатканын түшүнүп турат. Ошондуктан, башкарууну жарандык башкарууга өткөрүүнү талап кылууга шашылды. «Халиж онлайн» Британия тышкы иштер министринин позицияси кабарлады: «Өз кезегинде, Британия тышкы иштер министри Жереми Хант кеңири көлөмдүү жана баарын өзүндө камтыган жарандык башкарууга өтүүгө чакырды». Жереми Хант Твиттерде: «Эки жыл өкүм жүргүзгөн аскерий кеңеш – чечим эмес», – деп кошумчалады. Ушул булак дагы мындай дейт: «Бейшемби күнү кечинде Европа Союзунун Тышкы иштер өкүлү Федерика Могерини Судан калкынын өзгөрүү жасоого болгон умтулуусун баса белгилеп, Судан армиясын бийликти тез убакта жарандык башкарууга тапшырууга чакырды». Могерини өз билдирүүсүндө: «Ишеничтүү, кеңири көлөмдүү саясий жараян гана Судан калкынын каалоо-талаптарын аткара алат, өлкө үчүн зарыл болгон саясий жана экономикалык реформаларга алып барат», – деди. Ал: «Бул болсо, тез убакыт ичинде бийликти жарандык өткөөл өкмөттүн колуна тапшыруу менен гана ишке ашат, ар бир судандык тынчтыкка жетүүсү жана максималдуу даражада сабырдуу болушу керек», – деп кошумчалады.

АКШга көз каранды кээ бир регионалдык мамлекеттер да Судан аскерий кеңешин колдоп-кубатташты. Мисалы, Саудия колдоосун билдирип, аскерий кеңештин жарандарды жана мал-мүлктөрдү коргоо жаатындагы кадамдарын алкыштады. Ошл эле учурда, падыша Салман Суданга нефть продукциялары, буудай жана дары-дармек менен жардам берүү туурасында мамлекеттеги керектүү мекемелерге буйрук берди. 2019-жылы 14-апрель күнү Судан басма сөзүндө маалымдалышынча, Саудия мамлекети Суданды нефть продукциялары менен алты ай акысыз камсыздай турган болду.

Козголоңчу жаштар дагы эле демонстрация жайын ташташкан жок. Алар мындай аскерий же партиялык эмес, чыныгы өзгөрүүнү талап кылышууда. Алар бул сыяктуу «өзгөрүүлөрдүн» даамын татып көрүшкөн жана ушул «өзгөрүүлөр» Суданды бүгүнкү оор абага алып келгенин баса белгилешүүдө. Козголоңчулардын арасында Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн болушу чыныгы өзгөрүү жасоодо козголоңчулардын аң-сезимине чоң таасир кылды. Хизбдин демонстранттарга тараткан баракчасы жакшы жашоону каалаган жаштардын козголоңун уурдоого урунуп жаткан тараптарга каршы курал болду. Ошол баракчада мындай делет: «Козголоңчулардын аракети менен шейиттердин каны текке кетпеши үчүн чыныгы өзгөрүү жасалышы керек, бул үчүн армиядагы калыс топ эски режимдин тарабына эмес, Ислам акыйдасы тарабына өтүшү зарыл. Бул калыс топ – мусулмандардын халифасына байъат берүү менен Үммөткө өз бийлигин кайра алып берүүчү ахли хал ва акд. Ушул халифа конституция, мыйзам жана түзүм катары Ислам шариятын колдонот». О.э. Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты жараыялаган бул баракчада козголоңдорду жок кылуучу үчтүктөн (Мисирден, Саудиядан жана Амирликтерден) этият болууга чакырылган. Анткени, бул үчтүк Судан армиясынын жетекчилиги эски режим тарабында болушун, ошол эски режимди ээрчиген өткөөл өкмөт түзүлүшүн, кийин демократиялык шайлоолор өткөрүлүп, ушундай кыйынчылыктарды алып келген кайрыилахий инсаний мыйзамдар иштелип чыгышын көздөп жатат. Баракча 2019-жылы 8-апрелде т.а. аскерийлердин мамлекеттик төңкөрүшүнөн үч күн мурда чыгарылган. Хизб-ут-Тахрир ошол сценарийден эскерткен: армия мамлекеттик төңкөрүш жасады, эки жылдык өткөл доор кабыл алынды, кийин демократиялык шайлоолор жөнүндө айтылды.

Аллахка чексиз мактоолор болсун, козголоңчулар мамлекеттик төңкөрүштү жасагандардан аң-сезимдүү болуп чыгышты, алардын бул ыплас сценарийин түшүнүштү. Аллах Субханахуга дуа кылып, козголоңчуларга ушундай бир күч-кубат ээлерин тартуу кылышын сурайбыз, алар Үммөт долбоору жана акыйдасы тарабында туруп, Ислам жери болгон Суданда Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелей турган күч-кубат ээлери болушсун. Аллах бул иштин ээси, бул ишке кудуреттүү.

Роя гезити, №230, 2019-жыл, 17-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here