Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Абдуррауф Амирий хакты айтканы жана режимдин кылмыштарын ачып таштаганы үчүн соттолууда

313
0

Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Абдуррауф Амирий хакты айтканы жана режимдин кылмыштарын ачып таштаганы үчүн соттолууда

Тунис аскерий соту 2019-жылы 14-март күнү Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын саясий бөлүмүнүн төрагасы устаз Абдуррауф Амирий үстүнөн сот ишин баштады. Буга Хизб-ут-Тахрир жарыялаган бир нече билдирүүлөр себеп болду:

  • 2016-жылы 27-май күнү жарыяланган макала: «Сионисттер Фалестинада мусулмандарды өлтүрүп, Акса мечитин яхудийлештирип жатышат… Тунистеги «козголоң өкмөтү» болсо тунистик офицер жана аскерлерден сионисттерди коргоодо жана ибадаттарына мүмкүнчүлүк жаратууда пайдаланууда»;
  • 2017-жылы 11-май күнү жарыяланган макала: «Бажи Коид Сабсий жана анын өкмөтү жек корлугу далилденген кызматкер жана ишкелерге кечирим токтомун чыгарды»;
  • 2017-жылы 13-июнь күнү жарыяланган макала: «Колонизаторлордун кызыкчылыгын коргоо үчүн кезектеги президенттин буйругу»;
  • 2018-жылы 18-июнь күнү жарыяланган макала: «Аскерий сот яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууну жана бул кылмышка сүкүт кылууну четке каккан бирдирүүсү үчүн Хизб-ут-Тахрирди тергөөдө»;
  • 2018-жылы 13-октябрь күнү жарыяланган макала: «Режим перзенттерибизди өлтүрүүдө».

Устаз Амирийге «аскерий кызматты жек көрүүгө үгүттөө, аскерлердин рухун алсыратуу, башкы командачылыктын иштерин сындоо» айыбы коюлду. Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялады. Анда мындай делген: «Баса белгилей кетсек, Хизбдин соттолушуна себеп болгон билдирүүлөрдө Туниситеги залим режимдин кылмыштары айтылган. О.э. режимдин бул кылмыштары себептүү ондогон адамдар каза болгону, Тунистеги офицер жана аскерлер колонизатор мамлекеттердин жана алардын ири компанияларынын кызыкчылыгын коргоодо пайдаланылып жатканы көрсөтүлгөн. Режим офицер жана аскерлерди алдап-адаштырып, аларды сионист аскерлердин тынчтыгын камсыздоого, яхудийлер Тунистеги Жарба аралында өз ибадаттарын аткарышын коргоого тартылган деп айтылат».

Тунис режими Хизб-ут-Тахрирге каршы үч жылдан бери алып барып жаткан күрөшүн эмне үчүн бүгүн күчөтүүдө? Алар мына ушинтип шайлоо алдынан деңиз артындагы кожоюндарына курмандык сунуштап жатабы?! Же Нетаньяхуну шайлоодо жеңип чыкканы үчүн мына ушинтип куттуктап жатышабы?!

Сөзүбүздүз соңунда калыс маалымат каражаттарын өлкө коопсуздугуна жана суверенитетине этибар каратууга чакырабыз. Себеби, бул маселе жалгыз Хизб-ут-Тахрирди гана тынчсызданткан маселе болуп калбашы керек. Өлкө коопсуздугун жана анын суверенитетин колонизаторлуктан азат кылуу керек.

Роя гезити, №230, 2019-жыл, 11-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here