Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жаатынын кампаниясы

294
0

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жаатынын кампаниясы

Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты «Тунис хурлары васийлик тозогун четке кагып, Ислам адилетин ынтызар болуп күтүшүүдө» деп аталган кампания баштаган эле. Кампания аяктаган соң, Хизб конференция өткөрүп, ушуларды ачыктады:

  1. Аял киши капиталисттик түзүмдө турмуштун эң кара күндөрүн башынан өткөрүүдө. Негизи, бүгүнкү күндө түрдүү тармактарда кабылып жаткан азап-укубаттардын булагы ушул чирип жаткан түзүм. Бул түзүм аялдарыбыздын материалдык жана моралдык бактысыздыгынын эсебинен күн көрүүдө.
  2. Тунистеги аялдарга экономикалык мүмкүнчүлүктөр жаратып берүү деген сөздүн артында ыплас максаттар турат. Мындан аялдарды өз сыпатынан жана энелигинен ажыратып, гендер түшүнүгүн бекемдөө көздөлгөн.
  3. Тунис режиминин күн тартибинде колонизатордун буйруктарын аткаруу жана чет элдиктердин кучагына кирүүдөн башка нерсе жок. Мындан аял кишини бутага алып, аны үй-бүлөдөн куру калтырып, аялга экономикалык мүмкүнчүлүк жаратып берүү деген шылтоо менен аны тагдырий жана негизги ролунан чалгытуу аркылуу исламий түшүнүктөргө жана өкүмдөргө сокку берүү көздөлгөн.
  4. Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты тынымсыз аракет кылып, режимдин коррупцияга батканын, жасалмалуулугун, план жана ыкмаларын ачып таштоодо. Режимдин ушул план жана ыкмалары эркиндик, заманбаптык, илманийлик жана экономикалык мүмкүнчүлүк сыяктуу чүмбөттөр астында аял кишини Батыштын долбоорлорун ишке ашырууда пайдаланыла турган матага айлантат.

Роя гезити, №227, 2019-жыл, 27-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here