Өлкөлөрүбүздө АКШ күчтөрүнүн турушу – таасир талашуу күрөшүнөн башка нерсе эмес

346
0

Өлкөлөрүбүздө АКШ күчтөрүнүн турушу – таасир талашуу күрөшүнөн башка нерсе эмес

Интернетте маалымат каражаттары Фаллужа шаарында жана Салахиддин, Найнава, Арбил сыяктуу башка турактарда АКШ күчтөрүнүн жайгашып жатканы жөнүндө видеолору жарыялашууда жана таратышууда. Багдаддагы АКШ элчилиги Иракта 5200 америкалык аскер бар экенин ырастоодо, ошол эле учурда, Ирактын расмий бийлиги бул кабарларды төгүндөп жатат. Ушуга байланыштуу Хизб-ут-Тахрирдин Ирактагы басма сөз бөлүмү мындай билдирүү берди:

1 – АКШ күчтөрүнүн Иракта гана эмес, бүткүл региондо турушу – түпкүлүгүндө, таасир үчүн күрөшүү, Умматтын байлыктарын жана ресурстарын талап-тоноо жана Америка кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет. Бул мамлекет өз кызыкылыгынан башка нерсени ойлобойт, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн инсанийликти, адеп-ахлакты жана адилетти тебелеп-тепсеп кете берет.

2 – Америка Ирак жерин басып алгандан бери региондо өзүнүн стратегиясын ишке ашыруу үчүн план боюнча аракет кылууда. АКШнын маанилүү стратегияларынын бири – Сайкс-Пико долбоорун кайра иштеп чыгуу жана Сайкс-Пико чегараларын башынан белгилөө. О.э. мамлекеттерди алсыратуу баскычынан мамлекеттерди бири-бирине каршы согушкан алсыз тайпаларга айлантуу баскычына өтүү. Бирок, бул стратегиянын механизми абалга жараша маал-маалы менен өзгөрүшү мүмкүн, бирок, Америка Иракка киришине себеп болгон негизги максатынан чегинген жок.

3 – АКШ менен Ирандын ортосундагы мамилелерде душмандык болсо да, бирок, бул мамилелердин артында бул эки мамлекет үчүн маанилүү болгон кызыкчылыктар турат. Көптөгөн саясатчылар Иран Америкага душман, Америка Иран согушкерлерге жардам бергени үчүн ага сокку бермекчи деп ойлошот. Бирок, саясий акыйкат ушуга далалат кылууда – эки мамлекеттин ортосунда бекем мамиле бар. Алардын тарыхтагы мамилелери Хомейни ыңкылабынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин кайым айтышуудан башка нерсе эмес экени көрүнүп турат. Иран региондо азаттык кыймылын жетектеп жатат деген сөздөр реалдуулукка туура келбейт. Бул мамлекеттин региондогу бардык аракеттери Америка менен ылайыкташкан абалда алып барылат. Иран муну түшүнүп турат жана белгиленген чектен чыкпайт, анын Америкага каршы кескин сөздөрү чындыкты жашырууга багытталган. Ошондуктан, Америка Иран анын кызыкчылыгы үчүн өтө чоң кызмат кылып жатканын көрүүдө, Америка администрациясындагы токтом ээлери да Иран режимин сактап туруу, аны өзгөртүүдөн көрө сактап калуу абзел деп эсептешүүдө.

Ирактагы элибизге айтабыз: баскынчынын жана анын малайларынын жагымдуу сөздөрүнө алданып калбагыла. Бул малай акимдер Аллах Тааланын:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ لاَ تَتَّخِذُواْ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاء بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاء بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللّهَ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

«Эй момундар, яхудийлерди жана насронийлерди дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт» [5:51]

деген аятын унутушкан же унуткандай болушууда. Демек, кафирлерди ээрчүү, турмушта ошолордун пикирлери боюнча жашоо, ошолор менен бирге жүрүп, ошолорго ишенүү, ошолорду дос жана союздаш кылып, алар менен келишимдерди түзүү… булардын баары Иракты кыйроого туш кылды. Бул нерселер өлкөнү өз деңгээлинен түшүрүп, коррупция, артта калуу, туруксуздук жана башаламандык, кызмат көрсөтүүнүн жамандыгы… жаатында биринчи номурдагы мамлекетке айлантты.

Ошондуктан, шариятыбыз кафирдин бардык долбоорлорун четке кагууну, анын пландарын кыйратуу үчүн бардык шаръий каражаттарды ишке салууну, кафирди бардык куйруктары менен кошо өлкөдөн кууп чыгарууну буйруйт. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо менен гана ишке ашат. Бул мамлекет кафир жана анын тарапкерлеринин бардык максаттарын жокко чыгарат, мусулмандарга гана эмес, бүткүл дүйнөгө адилеттик жана изгилик алып келет. Бул күн жакын.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here