Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын макамы өзгөрөт

305
0

Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын макамы өзгөрөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путин 28-марттагы жолугушууда Кыргызстандагы аскер базанын макамы өзгөртүүнү талкуулашат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

 “Учурда Россиянын аскерий базасынын макамын өзгөртүү тууралуу протокол даярдалууда, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланууда”, – деди Сыдыков. 

Анын айтымында, тийиштүү документке Путиндин сапары учурунда кол коюлат.

Буга чейин, парламентте Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын макамын өзгөртүү маселеси талкууланган.

Россия президенти 28-мартта расмий сапар менен Бишкекке келет.

Кыргызстанда курамында бир нече аскерий объекттер болгон Россиянын бирдиктүү аскерий базасы бар. Россиялык аскерлер Кыргызстанда дипломатиялык кызматкерлер сыяктуу эле кол тийбестик макамына ээ.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here