Дагы бир финансылык кризис болобу?

332
0

Дагы бир финансылык кризис болобу?

Устаз Жамал Харвуд

Соңку убактарда кезектеги дүйнөлүк экономикалык кризис качан болушу жөнүндө божомолдор күчөп жатат. Ушундай болушу табигый. Себеби, акыркы кризис толук жеңип өтүлгөн жок. Экономикалык өсүү болгону 2%ды түзгөнүн эсепке алганда, кризис дээрлик жеңип өтүлбөдү десе болот. Айтылган өсүү да үлкөн көлөмдө акча басып чыгарунун эсебинен болду. Андан тышкары, АКШ жана Европада бюджет дефицити жогорулоодо. Өкмөттөр ар дайым кылып келбеген ишти т.а. чыгашаларды чектөөнүн өтөөсүнөн чыкпаса, көбүрөөк акча басып чыгарууга туура келет. Мындан тышкары, пайыз ставкаларынын көрсөткүчү да жогорулап кетти. Бул нерсе карыздарга кошумча пайыз ставкаларын төлөө менен бюджет дефицитин көбөйтөт. Мисалы, АКШ салыктан түшкөн кирешелердин 25%ын карыз кызматтары үчүн төлөсө, Британия 26%ын төлөйт… Башкалар мындан да жаман абалда. Мисалы, Ирландия 50%. Соңку кризистен бери глобалдык карыз (өкмөттөрдүн, компаниялардын жана адамдардын карыздары) дагы да көбөйүүдө. Бүгүн глобалдык карыз 250 триллион доллардан ашты. Бул көлөм дүйнөлүк экономиканын көлөмүнөн беш эсе көп. Кытайдын карызы (мамлекеттин жана жеке компаниялардын карызы) 34 триллионго долларга жетти.

Саясатчылар жана банкирлер АКШдагы экономика жөнүндө сөз кылып жатышат. Бирок, экономика жар жакасында турат. Биржа базары 20%дан ашык төмөндөө менен токсонунчу жылдардан бери эң жаман айды башынан өткөрүп жатат. 2008-жылдагы кризисте биржа базары 50%га төмөндөдү. АКШ администрациясы кабатырланып калды. Ошондуктан, финансы министри Стивен Мнучин 24-декабрда Американын алты ири банктары менен байланышты. Ошол убактан бери «чөгүүдөн куткарып калуу тобу» биржадагы төмөндөөнү жабуу максатында Америка фонд базарын жана ал жердеги баалуу кагаздарды сатып алууну баштаган. Баалуу кагаздар базарындагы мындай өнөкөт төмөндөө кооптуу проблемалардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Анткени, экономикадагы ишеним базарга болгон ишеним менен тыгыз байланышкан. Буга кошумча, пенсия корлору, жергиликтүү башкаруу органдары, банк активдери жана ири компаниялар да ушул базарга байланышкан. «Чөгүүдөн куткаруу» тобунун иши да туура эмес. Себеби, өкмөт реалдуу эмес «эркин базарга» элдин мүлкүнөн пайдалануу аркылуу аралашууда.

Федералдык резервдик система баса белгилешинче, пайыз ставкаларынын көрсөткүчүн жогорулатуу кыска убакыт токтотуп турулат. Алар нөл пайыздык ставканы белгилеген саясат бүттү, экономика күчтүү деген нерсени көрсөтүү үчүн пайыз ставкаларын жогорулатышкан. Бирок, бул кризисти тынчтандыруу үчүн 10 жыл кетти… Бүгүн жаңы экономикалык кризистин жүз беришине жол бербөө үчүн жаңы аракеттер жасалууда! Ко-ош, бар күчтү жумшап (акча басып чыгаруу менен) жеңилдетүүгө дагы канча убакыт керек, айрыкча, Трамп коргоп жаткан бюджетте үлкөн дефицит турганда?!

АКШ доллары эл аралык валюта запасы катары өкүмдар эле. Бирок, бүгүн кытайлар, орустар жана башкалар өздөрүнүн алтын запастарын көбөйтүшүүдө жана доллар эл аралык соодада жалгыз валюта болуп турса да, алар өздөрүнүн валюталарын ишке салышууда. Алар учурда АКШ долларынын өкүмдарлыгына каршы күрөшө турган абалда болушпаса да, бирок, белгилүү бир позицияны кабыл алышты. Айта кетчү нерсе, ушул доллар Америка карызы 21 триллионго жетишинде пайдаланылды. Бул сумма баалуу кагаздарды, акцияларды жана көбүктөн турган кыймылсыз мүлктөрдү көбөйтүү үчүн иштетилди… баары рекорддук даражада жетти. Мурунку администрациялар акча басып чыгаруу менен алектенип, байлык топтоонун кыңыр жолун жаратышты. Бирок, фонд базары жана кыймылсыз мүлктөр сыяктуу бул көбүк жарылып кетсе, мунун таасири өтө кырсыктуу болот.

Инфляция деңгээли жогорулоодо, узак мөөнөттүү ставкаларды – капиталисттик базардын талабына ылайык – жогорулатууга туура келет. Өз кезегинде, бул (пайыз ставкаларынын көрсөткүчүнүн көтөрүлүшү баалуу кагаздардын баасын түшүрүп) баалуу кагаздар базарына таасир кылат. О.э. пайыз ставкаларына карата «басым» бар. Муну бюджеттеги дефицит ачык көрүнүп турганы, өсүү деген нерсе куру кыял экени көрсөтүп турат. Чоң көрсөткүчтөрдүн чоң дефицит түшүнүлөт, канчалык көп акча басып чыгарылган сайын, өсүү ошончолук жамандашууда, дефицит ошончолук көбөйүүдө, борбордук банктар көзөмөлүн жоготууда.

Келерки кризистин булагы Европа болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, көлөмдүк жумшартуу үчүн Америка 2.4 триллион бөлгөн болсо, Европа Союзу 3 триллион бөлдү жана алардын экономикасы кризске учуроодо. Нөл пайыз ставкалары көтөрүлбөгөн болсо да, Италия суверендүү баалуу кагаздарынын пайыз ставкасы жогорулап кетти. Европа Союзу доорунда ушундай болушу табигый. Португалия, Италия, Ирландия, Греция жана Испаниядан турган мамлекеттердеги абал – айрыкча, жеке менчик банк системаларында – өтө кооптуу. Ирландиянын мойнунда бир адамга 100.000 доллардан туура келген карыз бар жана ал Брекситтин акыркы натыйжасынан тынчсызданууда. Бүгүн бул өлкөлөрдө элдин нааразылыгы күчөшү, саясий партияларга жана алардын жетекчилерине каршы нааразылыктардын көтөрүлүшү таң калычтуу эмес.

Калк арасындагы толкундоолор. Аз маяна боюнча комиссиянын жетекчиси, лорддор палатасынын мүчөсү Адэр Тернер мындай дейт: «Капитализмдин эгалитардык (бирдей бөлүштүрүүчү) эместигин баары жакшы билет. Бирок, ондогон жылдар бою баарынын кемеси жакшы сүзүүдө, баары ырахатты сезүүдө деген чоң-чоң убадалар бар, бирок, бул абал кооптуу», – деди. Кийин ал уу-заар аралашмага – өндүрүмдүүлүктүн сенектигине, маяналардын төмөндүгүнө, теңсиздиктин улам күчөп бара жатканына басым жасады: «Бул аралашма көпчүлүк адамдар капитализм түзүмү аларды камсыздап жатканын сезбешине алып келүүдө, бул нерсе экономисттер үчүн чоң проблема».

Керектөөчүнүн ишеними азаюуда, байлык дагы эле бир ууч байлардын колунда турат. Ушуга карабастан, бул байлар көбүрөөк каражат сарптоодо жана көбүрөөк карыз алууда ушул адамдарга таянышууда. Учурда экономика өтө алсыз, өсүүгө муктаж.

Капиталисттик экономика ишенимге таянат. Бирок, бул «ишеним» деген сөз «ишенчээктерди алдоонун айла-амалы». Капитализм базарлары бийликтин аралашуусу менен колдоп-кубатталат, алардын акчасы эч кандай камсыздоосу жок курулай кагаздар гана. Бул кагаздар көбүрөөк саясатчылардын каалоосуна ылайык басылып чыгат, басып чыгаруунун эрежелери тынымсыз өзгөрө берет.

أَلا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَـكِن لاَّ يَشْعُرُونَ

«Байкагыла, алар албетте бузукулар, бирок, өздөрү муну сезишпейт»  [2:12]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here