Табигый байлыктар мол болсо да, карыздар кекиртектен алууда!
Иордания жана башка мусулман өлкөлөрүндө рувайбизалар жоголбосо, бул ахвал өзгөрбөйт
«Рейтер» маалымат агенттиги хижрий 1440-жылы 22-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 27-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Иордания мамлекетинин карызы ушул жылы 6%га жогорулап, 26.9 миллиард динарды (37.9 миллиард доллар) түздү. 2017-жылдын акырында карыз 25.4 миллиард динар болчу.
Иордания финансы министрлигинин сайтындагы статистикага ылайык, 2018-жылы мамлекеттин ички карызы 14.82 миллиард динарды, тышкы карызы болсо 12.08 миллиард динарды түзгөн. Иордания мамлекетинин карызы ички дүң продукциясынын 89.4%ына жетти».
Роя гезити:
Карыздардын, өзгөчө, мусулман өлкөлөрүндөгү карыздардын өсүп бара жатканын ар күнү угуп жатабыз. Негизи, Исламий Халифалык мамлекети куштар тойсун деп тоо-адырларга дандарды чачат эле. Бирок, бүгүнкү күндө мусулмандар ачка калышты. Эмне үчүн, анткени алардын акимдери кудум яхудийлерге окшоп жакшы нерсени жаман нерсеге алмаштырышты:
أَتَسْتَبْدِلُونَ الَّذِي هُوَ أَدْنَى بِالَّذِي هُوَ خَيْرٌ
«Жакшы нерсени жаман нерсеге алмаштырууну каалайсыңарбы» [2:61]
Т.а. акимдер Исламдагы экономика түзүмүн коюп, капиталисттик экономика түзүмүн колдонушту, акыбетте, Умматты карызга белчесинен батырышты.
Роя гезити, №224, 2019–жыл, 6–март.