Россия менен Түркиянын коргоо министрликтери Шам козголоңуна каршы тил бириктирип жатышканын баса белгилешүүдө

294
0

Россия менен Түркиянын коргоо министрликтери Шам козголоңуна каршы тил бириктирип жатышканын баса белгилешүүдө

«Шабакати Шам» сайты хижрий 1440-жылы 6-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 11-февраль күнү басып чыккан кабарда мындай делет:

«Россия менен Түркия коргоо министрликтери дүйшөмбү күнү жарыялаган биргелешкен билдирүүдө Идлибдеги куралсыздантуу зонасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн кескин чараларды көрүү зарыл экендиги баса белгиленди.

Анкарада эки мамлекеттин коргоо министрликтеринин өкүлдөрү өткөргөн сүйлөшүүнүн артынан жарыяланган бул билдирүүдө айтылышынча, «бардык провокацияларга карабастан, Идлибде тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу үчүн Россия менен Түркиянын разведка жана куралдуу күчтөрү ортосунда кызматташтыкты улантуу маанилүү жана зарыл экени баса белгиленди».

Роя гезити:

Пакиза кандары төгүлүп, ракеталар жана замбиректер аркылуу үй-жайлары ойрон кылынып жаткан Шам калкы бул «кескин чараларды» өз көздөрү менен көрүшүүдө. Бул куралдар жардамында тигил «кепил» мамлекеттер «куралсыздантуу» деп аташкан зоналардын күлүн көккө сапырышууда. Ушул «кескин чаралар» Россиянын азат кылынган аймактардагы аскерий лагерлердеги замберектери жардамында колдонулду. Бул нерселер ушул зонанын коопсуздугун коргоону максат кылат деп айтылууда! Алар зонанын коопсуздугу дегенде эмнени назарга алышар экен?!

Душмандарыбыз өлкө түндүгүндө кандай айла-амал уюштуруп жатышканы эч кимге сыр болбой калды. Түркиядан дагы эле жакшылык күтүп жаткан кишилер курулай кыялданышууда. Жогорудагы билдирүү ушул кылмыштардын баары Түркия режими менен келишилген абалда аткарылып жатканынын бетин ачты. Буларга кошумча, жакында орус тышкы иштер министрлиги берген билдирүүдө Сочи келишими убактылуу болуп, ал Сирия өкмөтү доорунда өлкө бүтүндүгүн сактоону көздөгөнү баса белгиленди. Кийин түрк делегациясы Москвада сириялык кесиптештери менен жолугушту.

Бул жана башка далилдердин баары Түркияны тиктеп, козголоңду жана анын максатын унуткан ар бир кимсенин көзүн ачууга жетиштүү. Шам калкы да өз козголоңдору жөнүндө абдан ой жүгүртүп, жаңыдан чечим кабыл алуулары, нусратка жетүү жана залим кимселердин куйругун кыркуу үчүн – Аллахтын ысымы менен – Расулдун минхажы негизинде козголоңуна кайра жан киргизүүлөрү керек.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here