Алжирдин бир нече шаарларында Бутефликанын бешинчи ирет президенттикке талапкерлигин коюусуна каршы демонстрациялар өтүүдө

273
0

Алжирдин бир нече шаарларында Бутефликанын бешинчи ирет президенттикке талапкерлигин коюусуна каршы демонстрациялар өтүүдө

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1440-жылы 17-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 22-февраль күнү жарыялаган кабада мындай делет:

«Бүгүн жума күнү Алжирдин бир нече шаарларында президент Абдулазиз Бутефликанын бешинчи ирет президенттикке талапкердигин коюусуна каршы демонстрациялар болуп өттү. Демонстранттар менен көп сандагы коопсуздук кызматкерлери ортосунда бирер кагылышуу болгону белгиленбеди.

Активисттер «Улуттук кыймыл» аталышында уюштурган демонстрацияларга миңдеген адамдар катышты. Демонстрациялар борбор Алжир, Аннаба, Ситиф, Калма, Жижил, Чыгыш Бижая, Тизи-Узу, Буира, Бумардас, Тиярат, Гализан, Батыш Вахран жаа Түштүк Варкала сыяктуу шаарларда болуп өттү.

2011-жылы өзгөчө кырдаал бекер кылынгандан бери болуп көрбөгөн тездикте борбордо адамдардын топтолгону күзөтүлдү. Борбордо демонстрация өткөрүүгө тыюу салган мыйзамга карабастан, жума намазынан кийин демонстранттардын саны көбөйүп кетти.

Демонстранттар «Бешинчисине орун жок» жана «Ооба, режим кетсин» деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп чыгышты. Аны менен бирге, президенттин иниси Саид Бутефликага да каршы сөздөр айтылды.

Ушул ураан жана кыйкырыктар башка шаарларда да орун алып, ал жерлерде президент Бутефликанын 9-мартка белгиленген шайлоого өз талапкердигин койгонуна каршы каршылыктар билдирилди.

Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө демонстрациянын көлөмү ар түрдүү даражада болгону, бирок Аннаба шаарындагы демонстрация өзгөчө болгону көрүнүп турат.

Белгилү болгондой, «Улуттук Азаттык Фронту» жана башка партиялар келерки президенттик шайлоого 81 жаштагы Бутефликанын талапкердигин көрсөтүү туурасында токтом чыгарган. Токтомдо Бутефлика Алжирге жетекчилик кылууга эң татыктуу талапкер экени айтылган. Бирок, оппозиция бул токтомду сындап, Бутефлика 2013-жылда мээсине кан куюлушу артынан ден соолугу оорлошкондуктан бүгүнкү күндө өлкөгө жетекчилик кылууга жараксыз деп эсептөөдө».

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here