Мисир конституциясына өзгөртүү киргизилишинен мурун адамдардын үнүн өчүрүү үчүн өлүм жазасы аткарылды

351
0

Мисир конституциясына өзгөртүү киргизилишинен мурун адамдардын үнүн өчүрүү үчүн өлүм жазасы аткарылды

Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын басма сөз бөлүмү өз билдирүүсүндө прокурор Хишам Баракаттын өмүрүнө кол салууда айыпталган тогуз жигитке өлүм жазасы аткарылышы Сисий режиминин кезектеги канкордугуна, мазлум Мисир калкына каршы жасап келе жаткан бир катар кылмыштарына кошулган дагы бир кылмышы экенин баса белгиледи.

Билдирүүдө айтылышынча, мындай өлүм жазалары аркылуу Сисий режими жана анын Ак үйдөгү кожоюндары Мисир калкына – алдыңарда биздин каалообузга моюн сунуп, баш ийүүдөн башка тандоо жок дешмекчи! Режимдин өзгөчө азыркы кылмыштары конституцияга өзгөртүү киргизүү токтомуна каршы чыккан адамдардын үнүн өчүрүүгө, жүрөктөрдөгү козголоң рухун басууга багытталган.

Билдирүүдө Мисир сотторуна мындай кайрылуу жасалды: Бул тогуз жигиттин, силер чыгарган токтом акыбетинде жазыксыз өлтүрүлгөн ар бир жандын жоопкерчилиги силердин мойнуңарда. Силерге тигил Сисий таптакыр жардам бере албайт, кыямат күнүндө силерди Аллахтын азабынан куткара албайт. Бул, судьяларга гана тиешелүү эмес, бул ишке катышкан жана айыпсыз төгүлгөн кандарга күбө болуп туруп ачууланбаган кимселерге да тиешелүү.

Билдирүүдө Кинана калкына кайрылуу жасалды: Бул режим туткунга түшкөн пакиза адамдарды өлтүрүп жатканынан коркуп калбагыла. Режим бул жигиттерден өч алып, муну менен силерди коркутмакчы жана үстүңөрдөгү өз чеңгелин дагы да бекемдемекчи болууда. Андыктан, режимдин силерди моюн сундуруусуна жана силерден көздөгөн ниеттерине жетишине мүмкүнчүлүк бербегиле. Ушуну билип койгула, режимдин бул кылмыштары анын алсыздыгына, коркоктугуна, силердин болсо күчтүү экениңерге далалат кылат.

Билдирүү соңунда Мисир армиясындагы калыс инсандарга кайрылуу жасалды: Ушул пакиза кандар алдында эмнеге унчукпайсыңар?! Бул режим силердин катарыңарга Аллах үчүн ачуулана турган, мазлумдарга жардам бере турган эр кишилер бар экенин билгенде Кинана калкынын пакиза канын төгүүгө минтип батынмак эмес. Силер режимдин зулумуна жардам берүү менен, билип туруп сүкүт сактоо менен анын кылмыштарына шерик болуп жатасыңар. Мындай чоң күнөөдөн кутулушуңардын бир гана жолу бар, ал да болсо, режимден алакаңарды бүтүндөй үзүп, Аллахтын арканына байлануу, кийин Ислам үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүү. Ислам үчүн аракет кылып жаткандар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылып жатышат, ушул мамлекет Мисир режиминен ар бир кылмышы үчүн албетте эсеп сурайт, ибрат алуучуларга ибрат болушу, мазлумдардын жүрөгүнө дабаа болушу үчүн баарынын көз алдында бул сыяктуу режимдерге Аллахтын өкүмүн аткарат. Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here