АКШ жана “Талибан” Афганистандан аскерлерди чыгаруу боюнча келишим түзүштү

478
0

АКШ жана “Талибан” Афганистандан аскерлерди чыгаруу боюнча келишим түзүштү

АКШ делегациясы менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы күнүндө терроризмге каршы күрөшүү жана Афганистандан Америка аскерлери чыгарылышы боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу TOLOnews телеканалы кабарлады.

Англис жана пуштун тилдеринде жазылган бул келишим тууралуу кеңири маалымат берилбеген.

АКШ 2001-жылдан бери Афганистанда “Талибан” жана башка топторго каршы аскерий операцияларды өткөрүп келет.  

АКШ менен талиптердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы 25-февраль күнү Доха шаарында башталган. Мындан бир аз мурда, АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп жатканын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here