АКШ Россияга каршы санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты

317
0

АКШ Россияга каршы санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты

АКШ президенти Дональд Трамп 2014-жылы Украинадагы абал себептүү Россияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга узартты. Тийиштүү токтом Ак үйдүн сайтында жарыяланды.

Токтомдо, санкциялар АКШ улуттук коопсуздугу жана тышкы саясатына өзгөчө коркунучтар бар экендиги себептүү узартылганы белгиленген. 

Токтомдо Украинадагы демократиялык жараяндарга жана демократиялык институттарга зыян жеткирип жаткан адамдарга карата киргизилген санкциялар жөнүндө айтылган. Санкциялар россиялык саясатчыларды о.э. Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин айланасындагы адамдарды камтыйт. О.э. Россиянын ишканаларына жана өз эгемендүүлүгүн жарыя кылган Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасына каршы колдонулат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here