Россия ракеталар боюнча келишимден чыкты

253
0

Россия ракеталар боюнча келишимден чыкты

РФ президенти Владимир Путин Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишимдин шарттарын аткарууну токтотуу боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу РИА “Новости” Кремлдин маалымат кызматына таянуу менен кабарлады.

Документтин текстинде келишинче, Россия тарап “Америка Кошмо Штаттары аталган келишим боюнча бузулган милдеттенмелерди калыбына келтирмейинче же анын амал кылынышы жокко чыгарылмайынча” Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу туурасындагы келишимдин шарттарын аткарууну токтотот.

Путин кудум ушул эле токтом менен тышкы иштер министрине келишимдин катышуучуларын т.а. АКШны  бул тууралуу кабардар кылуу боюнча тапшырма берди.

 Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Владимир Путин Россия Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишиминен чыгарын билдирген.

АКШ менен НАТО Россияны орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишимин бузгандыкта айыптап, 9М729 ракета системасы келишимдин шарттарына тескери келерин айтып келет. Россиянын билдиришинче, аталган ракетанын учуу аралыгы 500 километрден ашпайт, ошондуктан келишимдин шарттары бузулган эмес. АКШ тарап 4-декабрь күнү – эгерде, Россия 60 күндүн ичинде келишимдин шарттарын аткарууга кайтып келбесе – келишимден чыгарын билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here