Абдулазиз Камилов “Талибан” делегациясынын башчысы менен Афганистан маселесин талкуулады

279
0

Абдулазиз Камилов Талибанделегациясынын башчысы менен Афганистан маселесин талкуулады

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жекшемби күнү Доха шаарында “Талибан”дын делегациясынын башчысы Барадар Ахунд менен жолугушуп, аны менен Афганистандагы тынчтык жараянын о.э. Афганистанга экономикалык жактан жардам берүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу талиптердин өкүлү Забиулла Мужахидге таянып “Интерфакс” кабарлады.

Талиптердин ЖМКлар үчүн билдирүүсүндө келишинче, Катардагы сүйлөшүүлөргө Өзбекстан президентинин Афганистан маселеси боюнча атайын өкүлү Исматилла Иргашев да катышкан.

“Өзбекстан делегациясы Афганистанда тынчтык орнотуу жолунда кызматташуу жана мамлекеттин экономикалык секторуна жардам берүү боюнча иштерди улантууга даяр экендигин билдирди”, – деп айтылат кабарда.

О.э. расмий Ташкенттин өкүлдөрү билдиргендей, Өзбекстан “Афганистандын ички иштерине аралашууну каалабайт”.

“Талибан” делегациясынын башчысы Ахунд, Өзбекстандын тынч жол менен чечим табуу аракеттерин талиптер макулдай тургандыгын айтып, Афганистанды экономикалык жактан колдоп жатканы үчүн Өзбекстанга ыраазылык билдирди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here