Динди мамлекеттен бөлүүдө эскертүү болушу мүмкүнбү?

406
0

Динди мамлекеттен бөлүүдө эскертүү болушу мүмкүнбү?

Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын өкүлү Мухаммад Юсуф ал-Мустафа тарыхий адилетсиздик жөнүндөгү маселени жана дин менен мамлекеттин байланышын чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Ал айтат: «Дин – бул судандыктардын негизги мурасы. Ошондуктан, биз динди мамлекеттен бөлүү т.а. секуляризм жөнүндө эмес, динди эксплуатация кылууну токтотуу жана дин коомдогу өзүнүн ролун аткарышы үчүн динди мамлекеттен азат кылуу жөнүндө айтып жатабыз». Нааразылык акцияларын жетектеген Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын өкүлү оппозициянын кечеги күнкү басма сөз жыйынында эркиндикти, кайра өзгөртүүнү кабыл алуу жана аны сактап колдонуу – кошулуунун жалгыз шарты деп баса белгиледи» («sudanakhbar.com», 14.02.2019).

Оболу, ушул суроону ортого салалы: секуляризм менен динди мамлекеттен азат кылуунун ортосунда кандай айырма бар? Секуляризм акыр акыбетте динди мамлекеттен бөлүү болуп эсептелбейби? Андан тышкары, биз, мусулмандар, башкаруу ситемасында динди мамлекеттен азат кылуу сыяктуу бул идеяны кабыл ала албайбыз, анткени бизден Исламда белгиленген башкаруу системасын колдонуу талап кылынат, себеби бул нерсе биздин динибиздин пайдубалынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Дин толугу менен Аллахка багышталган, бул болсо бардык нерседе Аллахка толук моюн сунууну түшүндүрөт. Бардык нерседе – ибадаттарда, башкарууда, саясатта, өз ара мамилелерде… Муну Аллах Тааланын сөзү ырастап турат:

«Эй момундар, толук Ислам динине киргиле» [2:208]

Белгилүү болгондой «динди мамлекеттен азат кылуу», тагырагы «динди мамлекеттен бөлүү» идеясы Батышта пайда болгон, ал жакта бул экөөсүн айырмалап бөлүшпөйт, экөөсү бир мааниде колдонулат. Европалыктардын проблемасы ушунда: чиркөө күнөөлөрдүн кечирилишин (индульгенцияларды) саткан жана динди монополия кылып алган, бул нерсе Исламдан бүтүндөй айырмаланат, Исламда дин кызматчыларынын бийлигинин иерархиясы жана монополиясы жок.

Ошондуктан, алардын идеяларын же бул идеялардын айрым бөлүктөрүн көчүрмөлөп, проблемаларыбызды алардын негизинде чечүүнү талап кылуу туура болбойт. Алардын идеясы өкүмдарлыкты жана мыйзамчылыкты инсандарга берет, а негизи, өкүмдарлык жана мыйзамчылык толугу менен Исламга таандык. Ислам мыйзамдары жетекчини шайлоо иши кандай жосунда өтөрүн бизге ачыктап берди т.а. бул көпчүлүктүн добушу жана шайлоочулардын макулдугу менен өтөт. Андан сырткары, жарандар жетекчини тергеп-тескешет, ага адилеттик негизинде калктын (мусулмандардын жана кайрымусулмандардын) иштерине кам көрүү вазыйпасы жүктөлөт. Жана бул нерсе 14 кылым бою ишке ашырылып келди, булардын баарынан кийин биз бүт мурасыбызды таштап, Батышты ээрчүүбүз керекпи?

Мүмкүн, Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын өкүлүнүн катасы Исламды христиандыкка теңештиргенидир, бул нерсе «динди эксплуатация кылууну токтотуу үчүн динди мамлекеттен азат кылуу» деген бузгунчу идеяга алып келди. Дагы да айкыныраак болушу үчүн ушуну айтамын, Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын өкүлү бизди христиандык дини адамдардын саясий турмушун башкарган Орто кылымдарга кайтарууну чечти. Ошону менен бирге, христиандыктын негизинде саясий система жана башкаруу системасы жок, бирок, ага карабастан дин кызматчылары бийликти колго алып, адамдарды эзип кыйнай башташты, алар өз кызыкчылыктарына, королдордун жана феодалдардын кызыкчылыктарына ылайык адамдарды башкарышты. Мына ушинтип, аларда дин кызматчыларына жана алардын союздаштарына кызмат кылган теократия жана диний мамлекет пайда болду.

Кандай болбосун, Европада болуп өткөн нерселердин бизге эч кандай тиешеси жок. Себеби, Ислам – бул акыйда жана шарият т.а. адамдардын турмушу үчүн зарыл болгон система. Ошол эле учурда, христиандык – бул шарияты жана турмуш үчүн зарыл болгон системасы жок акыйда. Исламда дин кызматчыларына орун жок, шариятты жана араб тилин билген ар бир мусулман мужтахид, факих болууга умтулат. Исламда мужтахиддер мыйзамчылык менен шугулданышпайт, алар – христиан дин кызматчылары сымал – мыйзамдарды ойлоп табышпайт. Бизде мамлекет теократиялык болуп эсептелбейт, тескерисинче мамлекет Аллахтын шарияты негизинде адамдар тарабынан башкарылат. Биз бул жөнөкөй жооп аркылуу Исламда «динди мамлекеттен азат кылуу» идеясы жок деп айтабыз. Ислам – бул мамлекетти көзөмөлдөйт, ал Ислам мыйзамдарын аткарган орган болгон мамлекеттин кепили. Ал ар кандай динден айырмаланат, башка ар кандай дин мамлекеттүүлүк жөнүндөгү идеяга ээ эмес.

Исламды ураан катары көтөрүп чыгуу о.э. бийликтеги режимдердин жана мусулман кыймылдарынын Исламды баскыма-баскыч колдонуу керек деген сөздөрү мамлекетке да, коомго да оңдолбос зыянын тийгизди. Бирок, бул нерсе Исламдын өзү жараксыз абалга келди дегенди билдирбейт, тескерисинче, бул айтылган кыймылдардын идеясы – эгер бар болсо – кыйраганын көрсөтөт!

Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын өкүлүнүн динди мамлекеттен бөлүү жөнүндөгү мындай билдирүүсү ушуну ачыктоодо: бул лидерлер мусулмандар илманийликти жек көрүшүн түшүнүп турушат, ошондуктан алар мусулмандарды алдоо максатында ар кандай ыкмалардын жардамында илманийликти кооздоп жасалгалап жатышат. Биз Судан Кесипкөйлөр Ассоциациясынын атынан сүйлөп жаткан адамга мындай суроо бермекчибиз: дин коомдо кантип роль ойношу мүмкүн, анткени мамлекет өз мыйзамчылыгында динди коомдук турмуштан бөлүп салган го? Андан тышкары, динге мына ушундай көрүнүштө жандашуу себептүү дин коомдо эч кандай роль ойнобой жатат. Бирок, мамлекет Исламга негизделип мыйзам чыгарса жана адамдарды Аллахтын ыраазылыгына жетектесе, анда ал мусулмандар алдында абройлуу болгон коомдук пикирди жаратат. Себеби, ар бир мусулман адамдар мамлекетте Ислам мыйзамдарын сакташы үчүн жоопкерчиликти сезет. Расулуллах A айтат:

«مَنْ رَآى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الإيْمَانِ»

«Ким мункарды көрсө, аны колу менен кайтарсын. Эгер ага кудурети жетпесе, тили менен кайтарсын, ага да кудуреттүү болбосо, жүрөгү менен кайтарсын. Бирок, мунусу ыймандын эң алсызы» (Муслим).

Ошондуктан, Исламий коомдук пикир көптөгөн мыйзам бузуулардын алдын алат.

Эгер, мамлекеттин негизи Аллахтын шарияты болбосо, демек, ал адамдардын колунда болот. Биринчи илманий мамлекеттин негизи «динди мамлекеттен бөлүү» идеясы болгон. Мындай мамлекеттин пайда болушуна Европа жетекчилеринин катардагы адамдарды эзүүсү себеп болгон, Европа жетекчилери чиркөөнүн жана диндин атына жамынып алып чектеринен чыгышты. Ошондуктан, адамдар динди мамлекеттен бөлүү керек о.э. мыйзамдарды жана түзүмдөрдү адамдар өзүлөрү белгилеши зарыл деген жыйынтыкка келишти. Ар кандай мыйзам көпчүлүктүн ой-пикири менен кабыл алына баштады, калк мыйзамчылыкка өкүмдар болгон тарапка айланды. Исламда бул сыяктуу нерселер харам болуп эсептелет жана Судан калкы муну четке кагат, себеби Исламда мыйзамчылык жалгыз Аллахка таандык.

Ислам менен башка диндердин, өзгөчө христиандыктын мамлекетке жана саясатка карата позицияларын айырмалап алуу зарыл. Ислам – башкарууга да, ибадатка да байланышкан бир бүтүн система. Адамдардын ар бир аракети – ибадат менен мамилелер, мамлекеттик жана жеке абал бири-биринен айырмаланбастан – Ислам мыйзамдары менен тартипке салынышы керек. Себеби, Ислам адамдардын турмушундагы, экономика, башкаруу, ибадат, таалим, жаза-чара, ж.б. болобу, бардык тармактардагы проблемаларын чечет. Ислам заманга жана абалга жараша өзгөрбөйт, ал бардык заманга жарактуу, себеби анын тексттери жаңы жаралган проблемаларга чечим табууга жол берет. Ошондуктан, Исламдагы фикх – бул шаръий далилдерден иштелип чыккан шаръий мыйзамдардын жыйындысы. Ислам – саясий, амалий дин, Исламдагы мыйзамчылык – бул Куран жана Суннат тексттеринен алынган мыйзамдарды кабыл алуу. Бул үчүн далилдер көп, алардын бири:

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

«Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт» [4:65]

Исламдын өкүмдарлыгы – жүрөктө эч кандай каршылык таппастан – бардык нерседе камтылышы керек. Антпесе, Ислам менен башкарбаган мусулмандарда ыйман болбойт. Бул, мусулмандын жашоосунда шарият өкүмдар болушу шарт экенин көрсөткөн жаркын далил. Себеби, бизге эмне жарактуу экенин Аллах эң жакшы билүүчү:

أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ

«Жаратуучу Өзү билбейби?! Ал мээримдүү жана кабардар» [67:14]

Ислам мамлекети болбосо, бардык тармакта жана бардык адамдарга шариятты колдонуу мүмкүн эмес. О.э. саясат болбосо, мусулмандар Ислам негизинде башкара алышпайт, себеби, саясат – бул адамдардын иштерине кам көрүү. Ал эми, мамлекет – шаръий мыйзамдар аркылуу адамдарды башкарган жана алардын иштерине кам көргөн институт. Биринчи Ислам мамлекети Мадинада Расулуллах Aдын колу менен тургузулган, башкаруу формасынын так аныктамасын белгилеген келишим түзүлгөн, ал кудум биринчи конституция сыяктуу болгон. Расулуллах A Ислам негизинде адамдарды башкарды, жаза-чара түзүмүн колдонду, кошуунду жетектеди, согуштарды жарыялады, тынчтык келишимдерин түздү. Андан кийин рошид халифалар анын жолун жолдошту жана бүткүл дүйнөгө Аллахтын рисаласын жаюуну улантышты.

لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ

«Амал кылуучулар мына ушундайча амал кылышсын!» [37:61]

Роя гезити, 2019-жыл, 20-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here