Абдусалам Ханафи: АКШ апрелге чейин Афганистандагы аскерлеринин жарымын алып кетүүгө убада берди

362
0

Абдусалам Ханафи: АКШ апрелге чейин Афганистандагы аскерлеринин жарымын алып кетүүгө убада берди

“Талибан” кыймылынын өкүлү Муаллави Абдусалам Ханафинин билдиришинче, сүйлөшүүлөр учурунда АКШ апрел айына чейин Афганистандан аскерлеринин жарымын алып чыгып кетүүгө убада берген. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

Москвада өткөрүлгөн маалымат жыйынында “Талибан” делегациясынын өкүлү: “Ооба, америкалыктар бизге февралдан апрелге чейин Афганистандагы аскерлеринин тең жарымын алып чыгып кетерин айтышты”, – деди.

 Абдусалам Ханафинин айтымында, тараптар АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин өлкөдө Ислам өкмөтүн, Ислам конституциясын тикелөөгө макул болушкан.

АКШ президенти Дональд Трамп январь айынын соңунда, эгерде Афганистанда кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишими түзүлсө АКШ өз аскерлерин алып чыгып кетүүгө даяр экендигин билдирген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here